ТҮПТӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Түбү түшүп калган идиштердин ж. б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу. Түптөгөн чака. 2. Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү. Топурак жумшак кезинде, Туура го түптөп салганым (Маликов). 3. Түп жасоо, түбүн бириктирүү. Мен болсом сынык нан үчүн китеп түптөймүн (Токомбаев). 4. Түбүн куруу, жер пайын куруу. 5. өт. Негиздөө, негиз салуу.