Киргизско-русский словарь Юдахина
1. самый низ; самая основа;
2. перен. подполье;
түпкүрдө иштеген большевиктер большевики, работавшие в подполье;
3. перен. глубина, дно;
ушул жооштуктун түпкүрүндө түнөргөн сыры да бар за этой смиренностью где-то в глубине кроется тайна;
качанкы бир түпкүрдөн элес келет стих. из глубины встаёт давний образ;
түпкүрдөн эң акыркы сөздү айтайын скажу-ка я последнее слово из глубин (души своей);
жүрөктүн түпкүрүндө в тайниках души; в глубине души.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев). 2. өт. Тереңдик, туңгуюк. Дал ошо түпкүрдөгү сүйүүмдү жибитип, бакчылыкка бергем ачып (Абдыраманов). Кошулат бир мунарык мунарыкка, Түпкүрдөн түпкүрлөрдү карап келем (Сариева).