ТҮПКҮР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев). 2. өт. Тереңдик, туңгуюк. Дал ошо түпкүрдөгү сүйүүмдү жибитип, бакчылыкка бергем ачып (Абдыраманов). Кошулат бир мунарык мунарыкка, Түпкүрдөн түпкүрлөрдү карап келем (Сариева).