Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев).