ТҮПКҮЧ
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева«Түндүк болуп түйүлүп, Түпкүч болуп ийилип» (Манас). Бул казандын орун алышы үчүн жыгачтан жасалган жатак. Же алкак чуңкурайыңкы эки бөлүк жыгач бири-бирине тиксиз ашталат да, ал казандын түбүнө чакталат. Кийинчерээк эл отурукташкандан тартып тегерек темирди да түпкүч кылып колдонуп жүрөт.