Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮПКҮЛҮКТҮҮ ЭЛ – эларалык укукта башка аймактардан көчүп келген келгиндер жайгашканга чейин өз жеринде жашаган элдерди билдирген түшүнүк. М.: ага америкалык индейлер менен австралиялык аборигендер кирет. Алардын укугун коргой турган бир катар эларалык конвенциялар бар.