Киргизско-русский словарь Юдахина
зуб;
кашка тиш или маңдай тиш резцы (зубы);
тиши чыкты у него прорезались зубы;
тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт погов. для ребёнка, у которого прорезались зубы, жёвка не пища;
тиши чыгып калган перен. он уже способен действовать самостоятельно; он уже добился положения или власти;
тиши өтпөйт прям. , перен. ему не по зубам;
маган тишиң өтпөйт меня ты не съешь (руки коротки);
тиш сал-
1) (о собаке, звере) вцепиться зубами;
2) перен. жестоко расправиться с кем-л.;
ал эми тиш салалбайт он уже теперь не может укусить (у него уже нет силы, власти);
аттын тишин ач- смотреть в зубы коню (с целью определить возраст);
жакшы эрдин жашын сураба, жакшы аттын тишин ачпа погов. у доброго молодца о его возрасте не спрашивай, доброму коню в зубы не смотри;
тишин ач- рассматривать и оценивать; определять качество;
досуңдун бергенинин тишин ачпа погов. не оценивай то, что подарил тебе друг; дарёному коню в зубы не смотрят;
тиштин эти дёсны;
таканын тиши шип подковы;
тиш-тырмак менен каршы чык- оказывать яростное сопротивление;
тиши тишине тийбей калчылдайт он дрожит так, что зуб на зуб не попадает;
анын тишине таш тийди он осёкся; он остался с носом; он потерпел полную неудачу;
тишине таш тийгир! чтоб тебе колом пошло! (в адрес вора, неблагодарного);
тишине тиер эчтеке жок ему нечего на зуб положить (нечего есть);
тиш кагып калган киши видавший виды человек; человек, который за себя постоит;
сооданын тишин чаккан на торговле он руку набил; в торговле он маху не даёт;
кан тиш кровожадный;
тиштин кирин соруп отур- положить зубы на полку (букв. сидеть и сосать налёт на зубах);
тиш кайраш или тиш кайроо точить зубы на кого-л.;
ат тиш острогубцы;
музоо тиш нагайка крупного плетения;
биз да тиш каккан адамбыз мы и сами с усами;
тиш камаш- (см. камаш- III).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. анат. Тамакты керте тиштөө, үзүп алуу жана майдалап чайноо үчүн кызмат кылуучу сөөк зат, ооз ичиндеги мүчө. Кашка тиш. Маңдай тиш. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал).
2. Соконун жана маланын жердин кыртышын тилүүчү, тырмап, майдалоочу миздүү, учтуу бөлүктөрү. Жарк-журк деп соко тиштер кыртыш тилип (Мидин). Кырк тиш мала шай болсун, Кырка-кырка чубама (Осмонов).
Тиш каккан к. как V. Тиштин кирин соруу к. кир I. Тиши өтпөө — алы жетпөө, эчтеме кыла албоо, колунан келбөө.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
тиш
тиш ачпоо
тиш жаруу
тиш каккан
тиш кал
тиш көңдөй
тиш оору
тиш салуу
тиш-тырмак
тиш чукуур
тиши өтпөө
тиши сасуу
тиши тишине тийбөө
тиши чыгуу
тишин кайроо
тишин-тишке коюу
тишин чагуу
тишине таш тийүү
тишинин кирин соруу
тиштеги таш
тиши буудай, чачы куудай
тишин ачпоо
тишке тиер эч нерсе жок

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөбөө, лам дебөө, ооз ачпоо. Алымбек датка бир да жолу сөзүн бузбады, же кубаттоо, же жаратпоо сездирбей бир кунунда мелтейип, сөз акырын күткөнсүп тиш ачпады (Касымбеков). Тилмеч эрдин тымпыя кымтып, мисирейип тиш ачпайт (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөбөө, лам дебөө, ооз ачпоо. Алымбек датка бир да жолу сөзүн бузбады, же кубаттоо, же жаратпоо сездирбей бир кунунда мелтейип, сөз акырын күткөнсүп тиш ачпады (Касымбеков). Тилмеч эрдин тымпыя кымтып, мисирейип тиш ачпайт (Касымбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
1. сравн. ст. от прил. тихий и нареч. тихо акырыныраак, жайыраак, акырындатып:
он поехал тише ал акырындатып жүрүп калды;
2. в знач. повел. накл. тынч, жым, акырын;
тише, не мешайте слушать! тынч, угуута жолто кылбагыла!;
тише воды, ниже травы погов. кой оозунан чөп албаган момун; боз койдон жоош (момун), ак койдон аңкоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
жымжырттык;
мёртвая тишина ың-жың жок тынчтык, жымжырт;
соблюдать тишину тынчтыкты сактоо;
водворить тишину тынчтып коюу;
нарушить тишину тынчтыкты бузуу;
в тишине тынчтыкта.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кезерип ачка жүрүү, оозуна эчтеме албоо, наар албоо. Орозо кармап, тишинин кирин соруп кыйналышкан ата-энесине чындыкты айтамын деп, бөөдө жаман көрүнду (Сасыкбаев). Бул өкмөт болбосо тиштин кирин соруп, байлардын тепкисинде жүрөт элек («Ала-Тоо»). Кышы менен кылчылдап, тишимдин кирин соруп отурдум (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусу келүү, жек көрүп ызырынуу, кекенүү. Бүгүн бирөөлөр Шадыбек «кажы» деп тишин кайрады (Токомбаев). Биз төрөлдүк. Таптар тишин кайрашып, Турган кезде, жан аеосуз чайнашып (Турусбеков). Ыза тарткан кызынын абийири үчүн Темиркан арданып, тишин кайрап жүргөнү белгилүү (Сыдыкбеков). «Айыбымды ачып коюшту, маскара кылышты» деп, бизге тишин кайраганы ырас экен да! («Ала-Тоо»). В.: Тишин кычыратуу. Ал тилин укпаган директорго да бирди көрсөтмөкчү болуп тишин кычыратат («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачуусу келүү, кыжыры келүү, жек көрүп ызырынуу, кекенүү. Бүгүн бирөөлөр мени «ажы» деп ызаатташса, бирөөлөр Шадыбек «кажы» деп тишин кайрады (Аады). Биз төрөлдүк. Таптар тишин кайратып, Турган кезде, Жан аёосуз чайнатып (Турусбеков). Ыза тарткан кызынын абийири үчүн Темиркан арданып, тишин кайрап жүргөнү белгилүү (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Катуу жазалоо, сазайын колуна берүү, жазасын берүү. Шашпа! колго түшчү болсоң жонуңдан кайыш алып, тишиңди бирден чагармын, - деп, корбашы каарын төгүп, качкындарга ызырынып жатты («Ала-Тоо»). 2. Өтө кыйын, ашкере мыкты билүү өтө тыңдык кылуу, кыйын ажыратуу. Ал сооданын тишин чаккан адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу жазалоо, сазайын колуна берүү. Шашпа! Колго түшчү болсоң жонуңдан кайыш алып, тишиңди бирден чагармын, – деп, корбашы каарын төгүп, качкындарга ызырынып жатты («Ала-Тоо»). 2. Өтө кыйын, ашкере мыкты билүү, өтө тыңдык кылуу, кыйын ажыратуу. Ал сооданын тишин чаккан адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. анат. Тамакты керте тиштөө, үзүп алуу жана майдалап чайноо үчүн кызмат кылуучу сөөк зат, ооз ичиндеги мүчө. Кашка тиш. Маңдай тиш. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Таш келсе чайна дептир тишиң барда, Тиштен соң чайнаганга айла кайда (Бегимкулова). 2. Соконун жана маланын жердин кыртышын тилүүчү, тырмап, майдалоочу миздүү, учтуу бөлүктөрү. Жарк-журк деп соко тиштер кыртыш тилип (Мидин). Кырк тиш мала шай болсун, Кырка-кырка чубама (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көптү көргөн, такшалган, дасыккан, бир далай жашка келип калган, далайды башынан өткөргөн. Кабыл өңү-башы да тиш каккан кишиникиндей, чыйралып, бышып калгандай («Ала-Тоо»). Тиш кагып калган жигит жаш баланы ээрчитип алып, даттанып басып жүргөнүн Качыке жактырган жок (Абдукаимов). Кабыл өңү-башы да тиш каккан кишиникиндей, чыйралып, бышып калгандай («Ала-Тоо»). В.: Тиши каткан. Дале болсо жаштыгың, болбосо мага окшогон бир тиши каткан неме болсо будуң-чаң түшүрүп жибербейби («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көптү көргөн, такшалган, дасыган, бир далай жашка келип калган, далайды башынан өткөргөн. Тиш кагып калган жигит жаш баланы ээрчитип алып, даттанып басып жүргөнүн Качыке жактырган жок (Абдукаимов). Кабыл өңү-башы да тиш каккан кишиникиндей, чыйралып, бышып калгандай («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тиштегилеп асылуу, тиштеп жармашуу (ит жырткыч айбандар жөнүндө). 2. Тийиштик кылып кол салуу, бирөөлөргө асылуу, тийишүү. Ал тиш сала албайт. Ал бир топ убакытка чейин оңун келтире албай, акырында ушул учурдан пайдаланып, Момушка тиш салып качыра берди («Ала-Тоо»). Жыйналышта сага анча-мынча тиш салып койду го (Байтемиров). 3. аңч. Аңды тайгандын тиштеши, кол салышы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Камчысынын сабын тиштеп, аркы-берки ойго кетти. Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»).
2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо).
3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди.
4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шап эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков).
5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.
Ок тиштөө — ок урсун деп каргануу. Тузга сиесиңби же ок тиштейсиңби? (Аалы). Таш тиштөө — тилеги ордунан чыкпай калуу, тилеги таш кабуу. Же андан, же мындан болбой, таш тиштеп калбайын (Каимов). Бармагын тиштөө — өкүнүү, арманда калуу. [Барпы] жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). Эрдин тиштөө — 1) башкаларга билгизбей эрдин тиштөө аркылуу кимдир бирөөгө купуя оюн билгизүү, ишарат кылуу; 2) ызырынуу, кекенүү, бирөөгө карата ичинде кек сактап жүрүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кусать; брать в зубы, брать зубами;
2. этн. наносить кусаный (зубами) орнамент (гл. обр. на нагольный тулуп или на кожаные штаны);
тиштеп жатып олпокту, кашка тиши жадаган фольк. при нанесении орнамента на олпок (см. олпок 2), её зубы натрудились;
бармак тиште- выразить раскаяние, сожаление (букв. прикусить палец);
бармагын тиштеп, башын чайкап фольк. с большим сожалением покачав головой;
иштеген тиштейт погов. кто работает, тот и ест;
иштебеген тиштебейт погов. кто не работает, тот не ест;
карыштыра тиште- схватить мёртвой хваткой;
бир тиштеп алса, коё бербейт у него мёртвая хватка (букв. если он схватит зубами, не упустит);
өпкө жүрөгүн тиштеп (или туура тиштеп), сражаясь не на жизнь, а на смерть;
тиштээрине таш таппай он в сильной ярости; он рвёт и мечет (букв. он не находит камня, чтобы раскусить);
тиштээрине таш таппай, эр кайраты сонунда фольк. храбрость богатыря такая, что он не находит (врага), на кого бы ринуться;
жанды оозго тиштеп (см. жан II).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»). Кыйын-кезең жылдарда балдарыңды, Сен апа, итче тиштеп бакпадыңбы (Байгазиев). 2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо). 3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди. 4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шак эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков). 5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Ачуусу келип ызырынганда, каарданганда, кекенгенде же ооруга, кыйноого чыдап чымырканганда тиштерин бири-бирине бекем такап кысуу, үстүнкү тиштери менен астынкы эрдин кыса тиштөө. Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров). Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тиште-
1. стиснуть зубы; прикусить верхними зубами нижнюю губу;
эрдин кесе тиштенет он до крови (букв. разрезая) кусает губу;
2. перен. разозлиться, прийти в ярость;
тиштенип күңкүлдө- цедить сквозь зубы (выражая неудовольствие);
тиштенип сүйлө- цедить сквозь зубы (говорить).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тиштерин бек бири-бирине бекем такап кысуу, үстүңкү тиштери менен астыңкы эрдин кыса тиштөө. Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»). 2. өт. Ачуусун тыйып кармануу, чыдоо. Алчактаган «досуңа» тиштенип араң олтурдум («Асаба»). Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тиште-
заставить взять зубами; заставить укусить;
тайганга тиштет- или неправ. тайган менен тиштет- охот. затравить борзыми;
өткөн жылы ал тайганга жети карышкыр, тогуз түлкү тиштеткен в прошлом году он затравил борзыми семь волков, девять лисиц;
тайгандарга түлкүнү көп тиштетип затравив борзыми много лисиц.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от тиште-;
ок тиштеш- взаимно клясться на стреле или на пуле;
баатырларда салт кана! ок тиштешкен ант кана! фольк. где же обычай у богатырей! где клятва на пуле! (разве её можно нарушать?).