ТИШИН КАЙРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ачуусу келүү, кыжыры келүү, жек көрүп ызырынуу, кекенүү. Бүгүн бирөөлөр мени «ажы» деп ызаатташса, бирөөлөр Шадыбек «кажы» деп тишин кайрады (Аады). Биз төрөлдүк. Таптар тишин кайратып, Турган кезде, Жан аёосуз чайнатып (Турусбеков). Ыза тарткан кызынын абийири үчүн Темиркан арданып, тишин кайрап жүргөнү белгилүү (Сыдыкбеков).