Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»). Кыйын-кезең жылдарда балдарыңды, Сен апа, итче тиштеп бакпадыңбы (Байгазиев). 2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо). 3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди. 4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шак эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков). 5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.