тиште
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Камчысынын сабын тиштеп, аркы-берки ойго кетти. Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»).
2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо).
3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди.
4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шап эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков).
5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.
♦Ок тиштөө — ок урсун деп каргануу. Тузга сиесиңби же ок тиштейсиңби? (Аалы). Таш тиштөө — тилеги ордунан чыкпай калуу, тилеги таш кабуу. Же андан, же мындан болбой, таш тиштеп калбайын (Каимов). Бармагын тиштөө — өкүнүү, арманда калуу. [Барпы] жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). Эрдин тиштөө — 1) башкаларга билгизбей эрдин тиштөө аркылуу кимдир бирөөгө купуя оюн билгизүү, ишарат кылуу; 2) ызырынуу, кекенүү, бирөөгө карата ичинде кек сактап жүрүү.