ТИШ КАККАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көптү көргөн, такшалган, дасыган, бир далай жашка келип калган, далайды башынан өткөргөн. Тиш кагып калган жигит жаш баланы ээрчитип алып, даттанып басып жүргөнүн Качыке жактырган жок (Абдукаимов). Кабыл өңү-башы да тиш каккан кишиникиндей, чыйралып, бышып калгандай («Ала-Тоо»).