Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусу келүү, жек көрүп ызырынуу, кекенүү. Бүгүн бирөөлөр Шадыбек «кажы» деп тишин кайрады (Токомбаев). Биз төрөлдүк. Таптар тишин кайрашып, Турган кезде, жан аеосуз чайнашып (Турусбеков). Ыза тарткан кызынын абийири үчүн Темиркан арданып, тишин кайрап жүргөнү белгилүү (Сыдыкбеков). «Айыбымды ачып коюшту, маскара кылышты» деп, бизге тишин кайраганы ырас экен да! («Ала-Тоо»). В.: Тишин кычыратуу. Ал тилин укпаган директорго да бирди көрсөтмөкчү болуп тишин кычыратат («Чалкан»).