тиштен
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. Ачуусу келип ызырынганда, каарданганда, кекенгенде же ооруга, кыйноого чыдап чымырканганда тиштерин бири-бирине бекем такап кысуу, үстүнкү тиштери менен астынкы эрдин кыса тиштөө. Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров). Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»).