Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Ачуусу келип ызырынганда, каарданганда, кекенгенде же ооруга, кыйноого чыдап чымырканганда тиштерин бири-бирине бекем такап кысуу, үстүнкү тиштери менен астынкы эрдин кыса тиштөө. Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров). Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тиште-
1. стиснуть зубы; прикусить верхними зубами нижнюю губу;
эрдин кесе тиштенет он до крови (букв. разрезая) кусает губу;
2. перен. разозлиться, прийти в ярость;
тиштенип күңкүлдө- цедить сквозь зубы (выражая неудовольствие);
тиштенип сүйлө- цедить сквозь зубы (говорить).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тиштерин бек бири-бирине бекем такап кысуу, үстүңкү тиштери менен астыңкы эрдин кыса тиштөө. Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»). 2. өт. Ачуусун тыйып кармануу, чыдоо. Алчактаган «досуңа» тиштенип араң олтурдум («Асаба»). Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров).