Киргизско-русский словарь Юдахина
тап I
1. куски материи или кошмы, предназначенные для сшивания (напр. для цветных апликаций, для шырдак'а, см.);
2. полит. класс;
жумушчулар табы рабочий класс;
эксплуатациялоочу таптар эксплуататорские классы;
тап жолу классовая линия;
тап жиктелиши классовое расслоение;
тап күрөшу классовая борьба.
тап II
ир.
время, момент;
ушул тапта в это время, в настоящий момент;
кызырлуу Алмам, кулак сал: кырылышаар тап келди фольк. удачливый мой Алма, внемли: наступил момент схватки;
ашык болуп Төштүккө, тосуп турган табы экен фольк. это был момент, когда она, полюбив Тоштюка, ждала (его).
тап III
ир.
1. жар, тепло;
оттун табына кызып турган кычкач щипцы, калящиеся на жару огня;
табы күчтүү болалбайт башка отундун сөксөөлдөй фольк. такого жара, как от саксаула, не может быть от других дров;
ысыктын табы бир аз кайтайын деп калган жар чуть начал спадать;
таш көмүрдүн табына бир жылынып алган деле канчалык ыракат! уже только разок погреться жаром каменного угля, и то какое удовольствие!;
ошентип журтум күйөбү, от жалындын табына? стих. так вот, разве должен сгореть мой народ в пламени огня?
ак этиңдин ысыгы арчалуу оттун табындай фольк. теплота твоего белого тела подобна жару арчёвых дров;
оттой табың жана элек, ойноп, ойнун кана элек стих. жар твоей страсти ещё не остыл, (любовными) забавами ты ещё не удовлетворена;
2. сила, здоровье;
кармап берер табым жок у меня нет сил, чтобы поймать;
табы жок ему нездоровится, он чувствует себя плохо;
табыңыз кандай? как вы себя чувствуете? как ваше самочувствие?
эмне болдуңуз? табыңыз жокпу? что с вами?вы нездоровы?
алтындай боюң аман-соо, айныбапсың табыңдан фольк. твой драгоценный стан вполне здоров, здоровье твоё не пошатнулось.
тап IV
тап бер- или тап кой- замахиваться, набрасываться;
урамын деп тап берет он замахивается, чтоб ударить;
ургандан тап берген жаман погов. замахивание хуже битья; замахнулся, так бей;
сен маа эле тапсың тебе только я и по силам; ты можешь только со мной справиться;
тап кетир- нанести ущерб;
аптарыятына тап кетирди, кадырын түшүрдү он его авторитету нанёс ущерб;
тап билгизбей или тап алдырбай незаметно, тайком.
тап V
тренировка, подготовка (коня к скачкам или ловчей птицы к охоте);
тулпар элем таптагы дуванга күндө чабылган фольк. (акын о себе) был я тренированным скакуном, который каждый день скакал на большие расстояния;
табына келген (о коне) тренированный, готовый к скачкам;
казатка минер табы экен фольк. (конь) готов, чтобы на нём двинуться в поход;
табына келген күлүктүн таноосунда тер болбойт фольк. у готового к скачкам скакуна на ноздрях пота не бывает;
кыл табында или тал эттүү (о коне) в меру тренированный (не худой и не жирный);
эти табынан төмөндөп кеткен (о скаковом коне) он похудел несколько больше, чем требуется;
аттын бир гана жеринде табы калыптыр в подготовке коня (к скачкам) есть только одна недоработка;
табы катуу буудайык стих. буудайык (см. буудайык II) трудно поддаётся тренировке;
беленге тап охотник до готовенького, дармоед;
ал бүгүн табына келип турат он сегодня в ударе (напр. об ораторе и т.п.).
тап VI:
тап-тап звукоподр. шлёп-шлёп (напр. ступнёй по земле или ладонью по чему-л.);
тап-тап гана таманынан чыккан дабыш (слышно) только шлёпанье его ступней;
өкүнгөнсүп, тап-тап санын чалкылайт будто раскаиваясь, он шлёп-шлёп себя (ладонями) по ляжкам.
тап VII
усиление к словам, начинающимся на та;
таптаза чисто-начисто, чистёхонько;
таптакыр ровнёхонько (без неровностей);
таптакыр башка совершенно другой; ничего общего;
таптакыр карама-каршы диаметрально противоположный;
таптатынакай кыз премиленькая девушка или девочка.
тап- VIII
(деепричастие таап)
1. находить;
баягы катты таптыңбы? ты давешнее письмо нашёл?
үйүн табалбай кайтып келдим я его дом (или его квартиру) не нашёл и пришёл обратно;
мен жоготкон бак-таалайды Эркин табар счастье, которое потерял я, найдёт Эркин;
амалын тапкан ажалдан кутулат погов. кто способ найдёт, тот от смерти спасётся;
жамандын тапканы - жапалак погов. то, что нашёл никудышный,- сова (т.е. из хищных птиц самая ненужная);
талаада бир ажыдаар уктап жаткан, ким басса, - өз жанына ажал тапкан загадка в степи спал дракон, кто на него наступал, смерть своей душе находил (отгадка капкан капкан);
сөздү сөз табат погов. слово слово находит (т.е. слово выявляется в разговоре);
2. открывать (неизвестное);
3. (точнее иштеп тап-) зарабатывать, приобретать, наживать;
бир айда канча табат? сколько он зарабатывает в месяц?
тапкан мал нажитой скот, нажитое имущество;
алтын-күмүш иштеген уста тапты балкадан стих. золотых и серебряных дел мастер зарабатывал молоточком;
бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт погов. заработаешь одно-оденься, заработаешь другое-съешь (т.е. живи честным трудом и по средствам);
тапкан-ташыганыбыз или тапкан ташынганыбыз весь наш заработок;
тапкан-ташынгандары всё, что он приобрёл;
4. родить (ребёнка);
тапкан эне, баккан атам родила (меня) мать, воспитал (или кормил) отец;
уул тапты она родила сына;
5. отгадывать (загадку);
тапкан экенсин! попал пальцем в небо!; как бы не так!; вон ведь что выдумал!;
тешик тап! найди дырку! (обнаружь и ликвидируй течь в котле; в случае течи, котёл наполняют водой, бросают в него толокно, и оно, увлекаемое водой, забивает течь);
таап айт-сказать умно, дельно.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Коомдук өндүрүштүн белгилүү бир тарыхый системасында өздөрүнүн ээлеген орду боюнча, өндүрүш каражаттарына карата өздөрүнүн (көбүнчө закондор менен бекитилген жана оформить этилген) мамилелери боюнча, эмгекти коомдук уюштуруудагы өздөрүнүн ролу боюнча, демек, коомдук байлыктын өздөрүндө болгон үлүшүн алуунун жолу жана анын көлөмү боюнча айырмалана турган адамдардын чоң топтору — тап деп аталат (Ленин, «Улуу демилге»). Жумушчу табы. Биз Лениндин сүйгөн табын сүйөбүз! (Аалы).
  1. 2.                  Оюулары бириники экинчисине кынаштырыла турган шырдактын эки бет кийизи.

ТАП II зат. 1. Ысыктын, жылуулуктун илеби. Очоктогу от өчүп, үстү бозоруп, уламдан улам табы кетип баратат (Байтемиров).
  1. 2.                   Саламаттык, ден соолук; дарман, күч-кубат. Табым жок, кыйналып жүрөм («Ала-Тоо») Табың кандай?

ТАП III зат. Жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик, ошого жарактуу абал (күлүк ат, алгыр куштарга карата). Күлүк табында, балам! (Сыдыкбеков). Тапка келбес бүркүттү Жалгыз чыгып салбагын (Токтогул).
ТАП IV такт. Чак, учур, кез, мезгил. Жүдөп калган табымда, Сапардан келген чагымда, Жүзүңдү көрдүм, арман жок («Манас»). Балтыр этиң толо элек, Балбан табың боло элек («Манас»).
ТАП V этиш. 1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал).
  1. 2.                  Пайда кылуу, жаратуу; киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, миңди тапсаң, ичип өт (макал). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап.
  2. 3.                  Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Каза тапты.
  3. 4.                  Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты.
  4. 5.                  Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту («Жаш ленинчи»).
  5. 6.                  Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.

Тапкан экенсиң! — айткандары туура болбой калганда, жаңылышканда же жакпаган нерсени сүйлөп койгондо мыскылдоо, кагуу, жактырбоо же какшык иретинде айтылган сөз. Таап айтуу — акылга чегип, туурасын айтуу, билип айтуу.
ТАП VI тап берүү — бир нерсе менен чаап, уруп жиберчүдөй, качырып кирчүдөй ыкыс берүү, обдулуу. Тап жылдырбоо — бура бастырбоо, жылдырбай ордунда кармоо, колун бошотпоо. Мага эле тап — «мени эле көрө калат», «мага эле күчү жетет» деген мааниде.
ТАП VII: тап-тап — чапканда, чапкылап сабаганда, тапылдап түшкөндө (тамчы ж.б.) чыккан дабыш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тапан I
то же, что таман I;
төөнүн тапаны южн. ступня верблюда;
к лиштин тапаны южн. подошва калоши;
аюунун тапаны южн. лапа медведя (её подошва);
үч тапан название детской игры в альчики (отмеряется три ступни).
тапан II
парное к апан.
тапан III
1. альчик, у которого сглажены алчы (см.) и таа (см. таа I) и который постоянно становится то на алчы, то на таа;
2. перен. ловкий, хитрый, находчивый;
алчы, тааңды жеп койгон тапан экенсиң ты хитрец из хитрецов; ты всегда сухим из воды выйдешь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I таман менен бирдей.
Үч тапан — чүкөнү же саканы үч тамандан кем эмес аралыкка сүрүп атып ойной турган чүкө ойну.
ТАПАН II зат. 1. Алчы, таа жактары жонулган, өкчөгөндө же алчысынан, же таасынан конуучу чүкө.
2. өт. Куу, митаам, айлакер. Силердей тапан студенттерди көргөн эмесмин (Бейшеналиев). Ал алчы, таасын жеген тапан бала.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сөзгө жеңилбеген, бир сөз таап кутулуп кете турган кишини тапан деп коёбуз. Ал чүкө ойнундагы сакага карата айтылган сөздөн келип чыгат. Сакасы алчысынан жазбай консун үчүн айрымдар анын таа жаккы кырларын кесип таштайт. Ошондо сакасы таа турбай турган болуп калат. Андай саканы тапан деп коёт. Ушул маанидеги сөздү адамга карата колдонууга туура келген. Тапан сака дайыма айкүрүнөн жазбаган сыяктуу айрым адамдар сөзгө жеңилип калуунун ордуна эптеп сөз таап, кайра жеңген кишинин ролунда болуп турат. Ошондуктан аны да таа жагы жок чүкөгө салыштырып, тапан деп атаган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алчы, таа жактары жонулган, өкчөгөндө же алчысынан, же таасынан конуучу чүкө. 2. өт. Куу, митаам, айлакер. Силердей тапан студенттерди көргөн эмесмин (Бейшеналиев). Ал алчы, таасын жеген тапан бала.

Киргизско-русский словарь Юдахина
совершенно точно, отчётливо, чётко; точнёхонько, ровно;
тапатак жүз ровно сто;
сен кудайдан тапатак жуз дилде сурагансың (из сказки) ты у бога просил ровнёхонько сто золотых;
тапатак ажырат-чётко разграничивать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ордунан козголтпоо, эч жакка кетирбөө, баргызбоо, бура бастырбоо. Балам ыйлаак, тап жылдырбайт (Жантөшев). Күзөтчүлөр бизди тап жылдырбайт («Ала-Тоо»). 2. Бирөөгө эч нерсе бербей, зыкымдык кылуу, колунан эч нерсе чыгарбоо, сараңдык кылуу, битирөө. Миңбаш тап жылдырбады, сараңдыгы күндөн-күнгө күчөдү (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бура бастырбоо, ордунан козголтпоо, эч жакка кетирбөө, баргызбоо. Күзөтчүлөр бизди тап жылдырбайт («Ала-Тоо»). 2. Бирөөгө эч нерсе бербөө, колунан эч нерсе чыкпоо, сараңдык, зыкымдык кылуу. Миңбашы тап жылдырбады, сараңдыгы күндөн-күнгө күчөдү (Абдукаримов).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Tapiridae) тапирлер; түгөйсүз туяктуулар (ай туяктуулар) түркүмүндөгү бир тукум желиндүү айбандар, булардын 5 түрү белгилүү: тапир горный (Tapirus pinchaque) — тоо тапири, т. равнинный (Т. terrestris) — түзөң тапири, талаа тапири, т. центральноамериканский (Т. bairdi) — борбордук Америка тапири, тапир чепрачный (Т. indicus) — жабуулуу тапир  ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал). Туура жолду табат элем түздөнсөм, Те илгертен көндүм болгон догмага (Байгазиев). Азыр да жытын сезем ошол нандын, Таппасмын андай нанды кыдырсам да (Байгазиев). Мен сага кантип жетип, таап тактайм, Ачылып, чечилчүүдөй бу күндөрдү (Сариева). Жо-жок, мени кафелерден таппайсың, Жер кудайы дыйкандардан карагын (Кулумбаев). 2. Пайда кылуу, жаратуу, киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, айдалыңды кубантып (Токтогул). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап. 3. Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Сен мени тапкан алтын күз келип санаамды, Сапырып кетти, ансайын жүрөк оорутуп (Мамазаирова). Каза тапты. 4. Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты. 5. Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту. 6. Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз, Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ысыктын, жылуулуктун илеби. Очоктогу от өчүп, үстү бозоруп, уламдан улам табы кетип баратат (Байтемиров). 2. Саламаттык, ден соолук, дарман, күч-кубат. Табым жок, кыйналып жүрөм («Ала-Тоо»). Табың кандай?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик, ошого жарактуу абал (күлүк ат, алгыр куштарга карата). Күлүк табында, балам! (Сыдыкбеков). Тапка келбес бүркүттү Жалгыз чыгып салбагын (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканы туура болбой калганда, жаңылышканда, же жакпаган нерсени сүйлөп койгондо кагуу, мыскылдоо, жактырбоо, же какшык иретинде колдонулат. Сен ууруну тапкан экенсиң! - деп мыскылдуу какшыктап койду («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир.
1. опытный тренер;
бүркүткө кыргыз ичинде көбүнчө бугу уругу тапкөй болот среди киргизов тренеры беркутов большей частью бывают из племени бугу;
миң да болсо, кыйратат ак шумкардын кэзси, айдап келет алыстан тапкөй болсо ээси стих. некоторые белые кречеты громят тысячи птиц, если их (кречетов) хозяин опытный тренер;
2. падкий;
таттууга тапкөй падкий до сладкого, любитель сладкого.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о борзой) бегать в поисках;
ууга чыккан тайгандай эмгиче тапкычтап жортуп жүрүшөт они до сего времени рыщут в поисках, как борзые, вышедшие на охоту;
тапкычтаса эле, табылбайбы? если побегать да поискать, разве не найдётся? (конечно, найдётся).

Киргизско-русский словарь Юдахина
находчивость, изобретательность, изворотливость;
соода ишине ойдо жок жаңылык тапкычтыгы менен өзгөчөлөнүп турат в торговых делах он отличается удивительными новшествами и изворотливостью.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар. рел.
начальное слово третьей суры корана (при переходе к изучению этой суры ученик старой школы нёс учителю блюдо с мясом; примерно соответствует старорусскому "плат и полтина").

Киргизско-русский словарь Юдахина
тапсыз I
бесклассовый;
тапсыз коом бесклассовое общество.
тапсыз II
без тренировки;
тапсыз салса, бөрү алган шумкар эле кан төрөм фольк. мой господин хан был кречетом, который (даже) без тренировки берёт волка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ныгыруу, тегиздөө, тапталтуу үчүн бир нерсенин үстүнөн тебелөө, салмактуу нерсе (мис., моло таш) менен бастыруу. Кырман тапта. Жол тапта.
  1. 2.                  Жуулган кирлерди бүктөп, бырыштарын алакан менен басып тегиздөө. Жылдызкан түнү менен көйнөк-көнчөгүн жууп, кургатып, таптап алат (Байтемиров).
  2. 3.                  Кетмен, соконун тиши, чалгы ж.б. куралдардын мизин жукарта чаап курчутуу.

ТАПТА II этиш. Табына келтирүү, жаратуу (алгыр куш, бүркүт же күлүктөргө карата).

Киргизско-русский словарь Юдахина
тапта- I
1. тренировать;
буркүтүн түлкү этине таптаган он тренировал своего беркута, кормя его мясом лисы;
2. гладить, поглаживать; хлопать (напр. ладонью по плечу или вальком по белью);
кир тапта- катать (или гладить) бельё;
далысын таптады он его (одобрительно) похлопал по плечу;
сол тизесин каккылай таптап койду он похлопал его по левому колену и погладил;
Эркин Кумайыкты таптап-таптап койду Эркин погладил Кумайыка;
3. делать острым (закалять, оттачиватъ, отбивать);
таш көмүргө таптаган, как ыргайга саптагаи фольк. (секиру) он закалил на каменном угле, насадил на ирговую (см. ыргай) рукоятку;
айкөлүм, Акбалтанын Чубагы таптап койгон болотун фольк. мой великодушный (Манас), Чубак, сын Акбалты,- твой острый булат;
орок тапта- отбивать и точить серп;
күздүн күнү болгондо орогун уста таптаган стих. когда наступала осень, серп ему закалял кузнец;
кетмен тапта- отбивать кетмень;
4. подмять, придавить;
ырсаңдаган түлкүнү таптап койду Кумайык фольк. оскалившуюся лисицу смял (пёс) Кумайык;
5. перен. настраивать, восстанавливать против кого-л.;
бурутту минтип курут - деп, таптап жүрөт ылама фольк. лама ездит и подзуживает, мол, так вот уничтожайте киргизов;
чай тапта- приготовить чай (с молоком и солью).
тапта- II
замахнуться, нацелиться.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз тап+та деген бөлүктөрүнөн куралган. Тап уңгусу – азыркы кыргызча теп этишиния чувашча формасына туура келген варианты. Ошол теп этишине -ла мүчөсүн жалгаганда көп кайталанган кыймыл-аракетти билдирип калат. Казылган жердин топурагын тапташ үчүн бир нече жолу тебелөө керек. Кийин тапта этишинин мааниси кеңип, бут менен тебелеп-тепсөөгө байланышпаган кыймыл-аракетти да түшүндүрүп калган. Алсак, дубалды таптаганда атайын аспап колдонулат, баланы таптаганда кол жумшалат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ныгыруу, тегиздөө, тапталтуу үчүн би р нерсенин үстүнөн тебелөө, салмактуу нерсе (мис. моло таш) менен бастыруу. Кырман тапта. Жол тапта. 2. Жуулган кирлерди бүктөп, бырыштарын алакан менен басып тегиздөө. Жылдызкан түнү менен көйнөк-көнчөгүн жууп, кургатып, таптап алат (Байтемиров). 3. Кетмен, соконун тиши, чалгы ж. б. куралдардын мизин жукарта чаап курчутуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. точно-точно, чётко;
буйрукту таптак аткарды он точно выполнил приказ;
2. резкое отрывистое движение;
таптак көтөр- поднять сразу, резким движением;
жакасынан алды дейт, атынан таптак көтөрүп, оң такымга салды дейт фольк. за воротник его взял, с коня сорвал и положил себе (на седло) под правый подколенок;
таптак ыргы- или таптак секир- делать резкие прыжки.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. возвр.-страд. от тапта- I
быть тренируемым, тренироваться;
2. страд. от тапта-I 2.
быть утаптываемым, утаптываться (напр. о дороге);
перен. быть угнетаемым, угнетаться;
бактысыз жүрдүм башында, бай-манапка тапталып стих. сначала я жил несчастливо, был угнетаем баями и манапами.

Киргизско-русский словарь Юдахина
таптан- I
возвр. от тапта- II
1. тренировать для себя (скакуна);
алты миңдей аттанып, күлүк атын таптанып фольк. своих скакунов вытренировав, около шести тысяч (наездников) сели на коней;
2. быть в полной готовности, во всеоружии;
кылычын кынай таптанып, туш-тушунан жоо чыгып фольк. враги со всех сторон появились, крепко взяв мечи на изготовку.
таптан- II
возвр. от тапта- II,
то же, что тапта- II.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тапта- I
1. заставить тренировать (коня, ловчую птицу);
аргымак, буудан таптатып, алыстан Көкүм келди дейт стих. вытренировав аргамаков и боевых коней, говорят, Кокум прибыл издалека;
2. заставить сделать острым (закалить, наточить, отбить);
артык болот зулпукор Бөлөкбайга таптаттың фольк. свой превосходный булат зулпукор (см.) ты дал закалить Болекбаю.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от тапта- I;
заяпкер атын тапташып, мергендер мылтык чапташып фольк. берейторы коней тренируя, стрелки ружья заряжая;
эки дос бири бирин далыга тапташып, кээде өбүшө кете жаздашып, ынак болуп кетишти два друга то похлопывая один другого по плечу, то почти лобызаясь, стали закадычными (друзьями).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(см. тешик тап при тап-VIII)
обходиться (без чего-л.) кое-как;
кээде ичкен тамагына, кээде көздөрүнө толо топурак тушүп, таптешиктеп жүрүп жазга жетишти то в пищу им, то в глаза набивалась глина- так вот они кое-как дотянули до весны.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тап- VIII
заставить найти, дать обнаружить себя (при игре в прятки);
мен таптырып койсом, кандыгымды берейин, сен таптырып койсоң, Айсулууну бер (из сказки) если ты меня обнаружишь (при игре в прятки), я ханскую власть передам (тебе), если я тебя обнаружу, отдай (мне) Айсулу;
бээңи жоготкон кишилер төлөбөйт, уурулардан таптырып ал люди, потерявшие твою кобылицу, (за нее) платить не будут, взыщи с воров;
дайнын таптырбай кетти о нём ни слуху ни духу;
төөнү бүкүлү сугунса да, кекиртегинен кенен өтөт дайынында таптырбайт если даже он верблюда проглотит, тот свободно пройдёт ему в глотку, и концов не даст найти;
аларга жумурткадан кыртаптырбас үчүн эмне кылуубуз керек? что нужно сделать, чтобы они ни к чему не могли придраться?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Милдеттендирүү, бир нерсени орундоону бирөөгө буюруу, табыштоо. Иш тапшыр. Баланы окутууну сага тапшырам.
2. Өткөрүп берүү. Үйүнө абышканын кайра бардым, Тапшырдым өз колуна ошол чалдын (Шамшиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от табыш- III
вручать, сдавать, поручать; наказать кому-л.;
баласын кимге тапшырыпкетти? кому она поручила своего ребёнка?
повестканы тапшырдыңбы? ты повестку вручил?
бергенин байка, балам, - деп, тапшырып койду балага фольк. он наказал мальчику, мол, смотри, что тебе дадут (будь осторожен);
пирге кол тапшыр- рел. стать последователем ишана (см. эшен).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде тапыш сөзү «тапшырма» маанисин берген (ДТС, 534). Ага этиш жасоочу -ыр мүчөсү жалганып, тапшыр сөзү жасалган. Ошол -ыр мүчөсү жалганганда п тыбышынан кийинки ы тыбышы түшүп калып, тапшыр түрүнө келген. Бирок сөздүн мааниси өзгөргөн эмес. Кыргыз тилинде тапшыр этишине -ма мүчөсү жалганып жасалган тапшырма сөзү кайра эле байыркы тапыш деген зат атооч сөздүн маанисин берип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Милдеттендирүү, бир нерсени орундоону бирөөгө буюруу, табыштоо. Иш тапшыр. Баланы окутууну сага тапшырам. 2. Өткөрүп берүү. Үйүнө абышканын кайра бардым, Тапшырдым өз колуна ошол чалдын (Шамшиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
поручение, задание;
согуштук тапшырма боевое задание;
тапшырма бер- дать задание;
айлык тапшырмасын ашыгы менен орундатты своё месячное задание он перевыполнил;
катуу тапшырма твёрдое задание.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Орундоо, аткаруу үчүн бирөөгө тапшырылган, буйрук кылынган иш, жумуш. Өзүм сүйгөн, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). Сабак башталды, мугалим үй тапшырмасын сурап жатат («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орундоо, аткаруу үчүн бирөөгө тапшырылган, буйрук кылынган иш, жумуш. Өзүм сүйгөн, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). Сабак башталды, мугалим үй тапшырмасын сурап жатат («Кут билим»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРМА КЕЛИШИМИ – бир тарап (ишеним берилген) экинчи тараптын (ишеним берүүчүнүн) атынан жана эсебинен белгилүү юридикалык аракеттерди бүткөрүүгө милдеттенген келишим. Ишеним берилген бүткөргөн иштер боюнча пайда болгон укуктар жана милдеттер түздөнтүз ишеним берүүчүгө таандык болот. Ишеним берүүчү, эгер ал мыйзамдарда же Т. к-нде каралган болсо, ишеним берилгенге сыйакы төлөп берүүгө милдеттүү. Ишеним берилген тапшырманы ишеним берүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарууга милдеттүү. Алар укук чегинде, ишке аша тургандай жана так болууга тийиш. Ишеним берилген кырдаалга жараша жагдай ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгына болсо, жана ал андан бул тууралуу алдынала сурай албай калса, же өз суроосуна учурунда жооп болбосо, анын көрсөтмөлөрүнөн четтеп кетүүгө укуктуу. Ишеним берилген жак мүмкүн болору менен, ал четтөөлөр боюнча ишеним берүүчүнү кабарландырууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРЫК – офертанын бир түрү; мөөнөтүн, көлөмүн, санын, түрүн, сапатын ж. б. зарыл дайын-дарегин алдынала белгилөө менен, тапшырык ээсинин (сатып алуучунун) өзүнө кандайдыр бир продукцияны (товарды) даярдоо, жеткирип берүү, тейлөө кызматын көрсөтүү, жумушун аткаруу боюнча сунушу. Жеткирип берүү келишими боюнча, сатып алуучуга атайлаштырылган таризде жеткирилиши мүмкүн. Жалдоочунун, жеткирип берүүчүнүн (сатуучунун) макулдугу кат же телеграмма менен жол-жоболоштурулат же ал сунуш кылган документке кол коюу аркылуу бекемделет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРЫК ЭЭСИ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, жалдоо келишиминин бир тарабы. Т. э. жалдоочуга тапшырылган ишти жана/же кызматты аткарууга зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө, анын натыйжасын кабыл алууга, шартталган акыны төлөп берүүгө милдеттенет. Т. э. катары жарандар, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чыга алат.