Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз тап+та деген бөлүктөрүнөн куралган. Тап уңгусу – азыркы кыргызча теп этишиния чувашча формасына туура келген варианты. Ошол теп этишине -ла мүчөсүн жалгаганда көп кайталанган кыймыл-аракетти билдирип калат. Казылган жердин топурагын тапташ үчүн бир нече жолу тебелөө керек. Кийин тапта этишинин мааниси кеңип, бут менен тебелеп-тепсөөгө байланышпаган кыймыл-аракетти да түшүндүрүп калган. Алсак, дубалды таптаганда атайын аспап колдонулат, баланы таптаганда кол жумшалат.