Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сөзгө жеңилбеген, бир сөз таап кутулуп кете турган кишини тапан деп коёбуз. Ал чүкө ойнундагы сакага карата айтылган сөздөн келип чыгат. Сакасы алчысынан жазбай консун үчүн айрымдар анын таа жаккы кырларын кесип таштайт. Ошондо сакасы таа турбай турган болуп калат. Андай саканы тапан деп коёт. Ушул маанидеги сөздү адамга карата колдонууга туура келген. Тапан сака дайыма айкүрүнөн жазбаган сыяктуу айрым адамдар сөзгө жеңилип калуунун ордуна эптеп сөз таап, кайра жеңген кишинин ролунда болуп турат. Ошондуктан аны да таа жагы жок чүкөгө салыштырып, тапан деп атаган.