Киргизско-русский словарь Юдахина
поручение, задание;
согуштук тапшырма боевое задание;
тапшырма бер- дать задание;
айлык тапшырмасын ашыгы менен орундатты своё месячное задание он перевыполнил;
катуу тапшырма твёрдое задание.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Орундоо, аткаруу үчүн бирөөгө тапшырылган, буйрук кылынган иш, жумуш. Өзүм сүйгөн, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). Сабак башталды, мугалим үй тапшырмасын сурап жатат («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орундоо, аткаруу үчүн бирөөгө тапшырылган, буйрук кылынган иш, жумуш. Өзүм сүйгөн, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). Сабак башталды, мугалим үй тапшырмасын сурап жатат («Кут билим»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРМА КЕЛИШИМИ – бир тарап (ишеним берилген) экинчи тараптын (ишеним берүүчүнүн) атынан жана эсебинен белгилүү юридикалык аракеттерди бүткөрүүгө милдеттенген келишим. Ишеним берилген бүткөргөн иштер боюнча пайда болгон укуктар жана милдеттер түздөнтүз ишеним берүүчүгө таандык болот. Ишеним берүүчү, эгер ал мыйзамдарда же Т. к-нде каралган болсо, ишеним берилгенге сыйакы төлөп берүүгө милдеттүү. Ишеним берилген тапшырманы ишеним берүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарууга милдеттүү. Алар укук чегинде, ишке аша тургандай жана так болууга тийиш. Ишеним берилген кырдаалга жараша жагдай ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгына болсо, жана ал андан бул тууралуу алдынала сурай албай калса, же өз суроосуна учурунда жооп болбосо, анын көрсөтмөлөрүнөн четтеп кетүүгө укуктуу. Ишеним берилген жак мүмкүн болору менен, ал четтөөлөр боюнча ишеним берүүчүнү кабарландырууга тийиш.