ТАПШЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде тапыш сөзү «тапшырма» маанисин берген (ДТС, 534). Ага этиш жасоочу -ыр мүчөсү жалганып, тапшыр сөзү жасалган. Ошол -ыр мүчөсү жалганганда п тыбышынан кийинки ы тыбышы түшүп калып, тапшыр түрүнө келген. Бирок сөздүн мааниси өзгөргөн эмес. Кыргыз тилинде тапшыр этишине -ма мүчөсү жалганып жасалган тапшырма сөзү кайра эле байыркы тапыш деген зат атооч сөздүн маанисин берип калган.