I этиш. 1. Ныгыруу, тегиздөө, тапталтуу үчүн бир нерсенин үстүнөн тебелөө, салмактуу нерсе (мис., моло таш) менен бастыруу.
Кырман тапта. Жол тапта.
- 2. Жуулган кирлерди бүктөп, бырыштарын алакан менен басып тегиздөө. Жылдызкан түнү менен көйнөк-көнчөгүн жууп, кургатып, таптап алат (Байтемиров).
- 3. Кетмен, соконун тиши, чалгы ж.б. куралдардын мизин жукарта чаап курчутуу.
ТАПТА II этиш. Табына келтирүү, жаратуу (алгыр куш, бүркүт же күлүктөргө карата).