Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал). Туура жолду табат элем түздөнсөм, Те илгертен көндүм болгон догмага (Байгазиев). Азыр да жытын сезем ошол нандын, Таппасмын андай нанды кыдырсам да (Байгазиев). Мен сага кантип жетип, таап тактайм, Ачылып, чечилчүүдөй бу күндөрдү (Сариева). Жо-жок, мени кафелерден таппайсың, Жер кудайы дыйкандардан карагын (Кулумбаев). 2. Пайда кылуу, жаратуу, киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, айдалыңды кубантып (Токтогул). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап. 3. Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Сен мени тапкан алтын күз келип санаамды, Сапырып кетти, ансайын жүрөк оорутуп (Мамазаирова). Каза тапты. 4. Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты. 5. Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту. 6. Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз, Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.