Көлкөйүү, жоон, толук болуу, көзгө толумдуу, бараандуу көрүнүү. Көлөйгөн сары абышка бурула карады да, айтылган саламды көңүл кош алик алды (Убукеев). Көлөйгөн Орунтай казанын бөксөртпөй кайнатып, элди колуна алган (Бейшеналиев). Бул өтөктө жүргөн уйлардын ар бири өзүнчө көлөйөт (Убукеев).
1. тень; корккон көлөкөсүнөн да коркот погов. кто боится, тот и тени своей боится; жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба погов. с ветром не бегай наперегонки, тень свою не догоняй (дело безнадёжное); бактардын көлөкөсүндө в тени деревьев; куштун көлөкөсүнө тоңот шутл. он от птичьей тени мёрзнет; ала көлөкө 1) редкая, не сплошная облачность; 2) перен. ранний вечер, время перед заходом солнца (в горах оно наступает не в одно время: на южных склонах раньше, на северных - позднее); тескей ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на северном склоне; күңгөй ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на южном склоне; 3) перен. полутьма; күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан вечереет, в горах наступила полутьма; ала көлөкө тарткан үй полутёмная комната; 2. перен. худой, немощный, "тень одна"; тирүү эле жүрөт дебесе, - ал бир байкуш көлөкө стих. он только что жив, а то просто тень одна; 3. перен. прибежище, опора; кайрылып, душман жолотпой, калкына болгон көлөкө стих. он опора народа, врагов близко не подпускает; башка жакта панаалар көлөкөң жокпу? разве у тебя нет другого места, где бы ты мог голову приклонить? көлөкөм ласк. (обращение к детям) миленький; надежда ты моя; иттен көлөкө талашкан тот, кто изнывает от жары и не находит тени (букв. тот, кто у собаки тень оспаривает; так до революции с пренебрежением говорили богачи о бедняках, не имевших возможности летом откочевать на высокогорное пастбище).
зат. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Аалы). Тооктор тамдын көлөкөсүнө келип жатты («Жаш ленинчи»). Коркпо — ал өз көлөкөң. ¨ Алакөлөкө — текши эмес, арасында ала чокул күн тийип турган жерлери бар көлөкө. Күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан (Жантөшев).
Байыркы түрк тилинде көлү «көлөкөлө» этиши болгон, ага зат атооч жасоочу -га мүчөсү жалганып, көлөгө//көлүгө «көлөкө» сөзү жаралган (ДТС, 314). Азыркы кыргыз тилинде көлө этиши өзүнчө колдонулбай, андан келип чыккан көлөкө сөзү гана жашап калган. Этиштен зат атооч жасоочу -га мүчөсү тут — тутка сөзүндө даана көрүнөт.
1. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин экинчи тараптагы тушуна түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Токомбаев). Арыктын боюна, тамдын көлөкөсүнө отурдум (Айтматов). 2. өт. Өтө арык, начар, араң жан. Тирүү эле жүргөнү болбосо, ал бир эптеп күн көргөн көлөкө («Чалкан»). 3. өт. Далдаа, калканч, таяныч. Кайрылып душман жолотпой, Калкына болгон көлөкө («Курманбек»). Айланайын энеке, Мен болоюн көлөкө (Токтогул). 4. өт. Бала, туяк. Көлөкөсүз жүргөнчө, Бир балалуу болуп кал (Токтогул).
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн. Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн («Ленинчил жаш»). Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).
Артынан калбай ээрчип алуу. Ал калпагы кайчыланып, көзү букардын бычагындай жалаңдаган, жүүнү тирүү боз уландын элеси аны көлөкөдөй ээрчип алган (Осмоналиев).
Көз алдынан кетпөө, эч калбоо. Ал калпагы кайчыланып, көзү букардын бычагындай жалаңдаган, жүүнү тирүү боз уландын элеси аны көлөкөдөй ээрчип алган (Осмоналиев).
этиш.1. Көлөкө түшкөн жерде отуруу. Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар [Алымкулдарга] чуркаган бойдон жетип келишти (Абдукаримов).
2. Көлөкө түшүү, көлөкө кылуу. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөйт булут баскан (Аалы).
1. Көлөкө кылуу, күндүн, айдын бетин тосуп, көлөкөсүн түшүрүү. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөп булут баскан (Токомбаев). 2. Көлөкө түшкөн жерде болуу, көлөкөдө отуруу. Көлөкөлөп отурган адамдар көп (Баялинов). Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар чуркаган бойдон Алымкулга жетип келишти (Абдукаримов).
shader (noun)
A graphics function which calculates computer image effects pixel by pixel allowing control of the lighting, shading and color of each individual pixel.
тенистый; көлөкөлүү арчада атын суутуп жатканда стих. когда он под тенистой арчой охлаждал коня своего; көлөкөлүү чынар 1) тенистый чинар; 2) перен. прибежище, опора; калың кыргыз журтунун көлөкөлүү чынары фольк. опора многочисленных киргизских народных масс.
сын. Көлөкөсү бар, көлөкө түшкөн [Теректин] бутактары калың жалбырактап, түптөрү көлөкөлүү (Сыдыкбеков). Үйдүн бурч жагында дүкүйгөн көлөкөлүү тал (Турусбеков).
Ашкере коркоктук кылуу, болор-болбостон корко берүү, өзүнөн-өзү чочулап туруу. Ошонуңдун колунан келет дейсиңби? Ал көлөкөсүнөн корккон неме (Осмоналиев).
Салакасын тийгизүү, жамандык кылуу. Өзүнө көлөкө түшүрбөй, «ушул иште бар бололу» деп антташкан досу Нурбайга көлөкө түшүрдү (Сыдыкбеков). Кана эми кимге көлөкө түшүрүп жатат («Кыргызстан маданияты»).
Салакасын тийгизүү, жамандык кылуу. Өзүнө көлөкө түшүрбөй, «ушул иште бар бололу» деп антташкан досу Нурбайга көлөкө түшүрдү (Сыдыкбеков). Кана эми кимге көлөкө түшүрүп жатат («Кыргызстан маданияты»),
volume (noun)
An area of storage on a hard disk. A volume is formatted by using a file system, such as NTFS, and has a drive letter assigned to it. A single hard disk can have multiple volumes. Some volumes can span multiple hard disks.
Бир нерсенин кичине-чоң же аз-көп деп айтууга негиз болгон жалпы көрүнүшү, анын узун-туурасын, бийиктигин ж. б. ченөө аркылуу аныкталган жалпы өлчөмү. Иштин көлөмү. Үйдүн көлөмү. Жүктүн көлөмү. Шардын көлөмү. Китептин көлөмү.
сын. Көлөмү чоң. Анда темир жол станциясы, көлөмдүү эки завод жана көп сандаган базалар бар(«Советтик Кыргызстан»).Көлөмдүү ырлар көп жазып, Эл ишенчин актагын(Осмонкул).
Көлөмү чоң. Анда темир жол бекети, көлөмдүү эки ишкана жана көп сандаган базарлар бар («Эркин Тоо»). Көлөмдүү ырлар көп жазып, Эл ишеничин актаган (Осмонкул).
КӨЛӨП (тажикче Куляб) — топоним. Сагымбай Орозбаков вариантында жана башка манасчылардын варианттарында кыргыздар мекендеп келген жерлердин бири катары көп эскерилет. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Бокмурун атасын көмгөнү элге кабар жиберип «Аягы Ысар, Көлөптү, Башы Жызак, Жөлөктү, Кабар берип баарысын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) чакыртканда айтылат. К. эпоско 1635 —36-ж. кыргыздардын бир бөлүгү Ысар, К-кө келгенде (к. Ысар) кирип калган. Анткени, бул жылы Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» аттуу кол жазма чыгармасындагы маалыматка караганда 12000 түтүн кыргыз К. менен Ысарга кыш мезгилде келген. Азыркы кезде ошол келген кыргыздар Тажикстанда, көпчүлүгү Ооганстан менен Пакистанда Памир тоолорун жердеп турушат.
Түштүк диалектиде кәләч// кәләш деп да айтылат. Кыргыз тилине орус тилинен (галоши), орус тилине болсо немис тилинен (Galosche) кирген. Орус тилин тазалайбыз дегендер учурунда бул сөздүн ордуна мокроступ деген төл сөздү сунуш кылышканы менен алынып кеткен эмес. Көлөч адатта резинадан жасалат, буга чейинки териден жасалганы кепич деген иран тилдеринен кирген сөз менен аталып келген. «Ж.Абдыракмановдун ушуга байланыштуу дагы бир мисалында бир сүткор кыргызга берген бир жуп көлөшү үчүн арадан үч жылдан кийин тайлактуу төө, бир жылкы алганы айтылат.». «Бут кийим мурунку бойдон — бийик такалуу өтүк сакталып кала берген, бирок такасы жок жана жумшак тамандуу өтүктөр – маасы көбүрөөк тарай баштаган. Аларды булгаары көлөчтөр — кепич менен, сейрек учурда резина көлөч менен кийишкен.» (КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНЫН ОЧЕРКИ) «Күн төбөдөн тоголду, Күлүгүм көлөч жоголду, Ай төбөдөн тоголду, Аягыма чак келген Алтынчы көлөч жоголду» (Коргоол)