Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сила;
күч атасын тааныбайт погов. сила (и) отца своего не признаёт;
киши күчү воен. живая сила;
киши күчүн жоготуу уничтожение живой силы;
Советтер Союзунун күч-кубаттуулугу мощь Советского Союза;
аттын күчү
1) сила лошади;
2) тех. лошадиная сила;
күч аракетибизди аябайбыз мы не пожалеем своих сил;
күчкө кел- или күч ал- усиливаться;
аяз кырчылдап күчүнө келди мороз трещал и усиливался;
бороон дагы күч алды буран ещё более усилился;
күчүнө келип турган кези он в полной силе;
күч кайтты силы оставили;
байбичемден күч кайтып, мен өңдөнүп карыган фольк. жену (см. байбиче) мою силы оставили, подобно мне постарела;
бала жок, кемпирим экөөбүз эле, эми минтип күч кайтты детей (у нас) нет, мы вдвоём со старухой теперь совсем беспомощны;
2. сильный;
ууру күч болсо, ээси өлөт погов. если вор силён, (то) погибает хозяин (украденной вещи);
3. лошадь, конь;
союп берип боругун, эки семиз күч берген, алты чанач сүт берген фольк. зарезал он (для них) двух баранов, дал (им) двух жирных коней, дал шесть бурдюков молока;
күч ат рабочая лошадь;
күч мал рабочий скот;
4. ист. рабочий скот, взятый на отработки;
бир күнү апийимин отошуп бермек болуп, күчүн миндим однажды я взял у него для поездки коня с условием отработать на прополке опийного мака;
бир аттын күчүн алып берейин я тебе достану лошадь в пользование;
шаарга барып келейин, атыңын күчүн бере тур я хочу съездить в город, дай мне свою лошадь;
күч акысы плата за наём верхового животного;
күчүнө сал- положиться на силу чего-л.;
булдун күчүнө салып полагаясь на силу денег; используя силу денег;
күч келтир- или күч кыл-притеснять;
мээге күч келтирбе не утомляй мозг;
мээсине күч келтирип, иштей берет он работает, не считаясь с мозговым переутомлением;
көзүнө күч келтирип, ыйлай берет он всё время плачет, утомляя глаза;
сен мага күч кылба не притесняй, не приневоливай меня;
билчелик күчкө калгамын фольк. на меня свалилась слоновая (посильная только слону) тяжесть;
иштегенин маа күч кылат! как будто он для меня работает! (вот ещё выдумал!);
иштегениңди мага күч кылба ты для себя работаешь, не вали на меня (я тут ни при чём);
кара күчкө
1) напрасно;
кара күчкө иштей берип, арам тер болдум исполняя ненужную работу, я измучился;
2) притворно, деланно, неестественно;
кара күчкө катуу каткырып күлдү он деланно и громко засмеялся;
кара күчкө бышаң-бышаң ыйлады он притворно плакал;
жанга күч келсе если к горлу подопрёт (если трудно придётся);
күч жек- напрягать силы, напрягаться;
күч күйөө см. күйөө, того- II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү; адамдын (жандыктын ) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу. Алтымышка жаш жетти, Энеңден кайрат, күч кетти («Кедейкан»). Адамдар ушул бүткүл тоону оодарып салууга да күчтөрү жетет (Сасыкбаев). Мына күчүмкурулушка жумшаймын (Аалы).
  1. 2.                  Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы. Бул кезде күчүн жайып билим кенин Кези экен каадаланып казып жаткан (Турусбеков). Акылайга окшобой калабы дейм, Акындык күчүм менин жетпей турат (Турусбеков).
  2. 3.                  Иштин, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү; бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли; кубат, энергия, кайрат. Эр паровоз күчкө келип, Адыр, кырды аттаган (Бөкөнбаев). Желаргыны да жумушка кошсо көп күч кирет (Убукеев). Аялдар зор күч экендиги шахтадан дале сезилет (Сасыкбаев).
  3. 4.                  Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк. Закон өз күчүн жоготту. Акчанын күчү.
  4. 5.                  Бийлик, кудурет, авторитет, таасир. Кантейин, жазмыш күчү уруксат бербейт, Заманга иштер элем далайга өлбөй (Осмонов). Коллективдин күчү.
  5. 6.                  Мүмкүнчүлүк, шарт, чама. Кымбат баалуу тамактарды сатып жешке күчүм жетпейт (Абдукаримов).
  6. 7.                  Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы. Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп, Үктатпады, уйкум эске келбеди (Аалы). Элтарыхты түзүүчү, коомдук прогресстин башкы күчү («Коммунист»). Марксизм-ленинизм сынды коомдун кыймылдаткыч күчү деп эсептейт (Бейшеналиев).
  7. 8.                  Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү. Революциянын кыймылдаткыч күчтөрү. Тынчтык үчүн күрөшкөн күчтөр.
  8. 9.                  Аскерлер; кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар. Куралдуу күчтөр. Девиз күчтөрү. Артисттик күчтөр.
  9. 10.              Эмгек, кызмат; жардам. Ичип турат сүтүңдү, Көрүп турат күчүңдү (Тоголок Молдо). Заливщиктер [чоюнду].. механизмдин күчү менен ташып жатышат (Сасыкбаев). Кээ бир иштерди акчага шылтабай өзүбүздүн күч менен бүтүрүшкө болбойбу? (Сыдыкбеков).
  10. 11.              Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу. Кыялы бузук, заары күч, Ал Көкдөөдөн күдөр үз («Эр Төштүк»). Мейли, болсун капкараңгы түн айсыз, Мейли, болсун бороону күч ызгаар кыш (Осмонов).

Күч алуу — күчөө, күчөй баштоо, көбөйүү. Уламдан улам шамал күч алат (Жантөшев). Ажардын коркунучу күч алды (Жантөшев). Жусупакундун кылыктары жөнүндөгү сөздөр күч ала баштады (Жантөшев). Жанына же башына күч келүү — өтө кыйналуу, кыйындыкка туш келүү, оордук келүү, аргасыз. абалда болуу. Каргадай жетим Ашимдын Жанына жаман күч келди (Осмонкул). Карып жанга күч келди.. Качпаганда нетейин («Кедейкан»). Анча эмнеге күч келди экен башына? (Сыдыкбеков). Кара күч — акыл эмгеги менен эмес, кол күчү менен иштөө жөндөмдүүлүгү. Колу-бутундагы чорлору, кийген кийими анын [Маманазардын] кара күчүнөн башка эч нерсеси жок экендигин көрсөтүп турат (Жантөшев). Кол күчү — кол менен иштелген эмгек, кол эмгеги. Өлкөбүздө кол күчү азыр жоюлуп, Техниканын бардык күчү жаңырды (Осмонкул). Күч унаа — ишке чегилүүчү унаа (мал). Кадыркулов он үймөк чеп эмес, бир үймөк чөп күч унааларга, кала берсе, колго караган малдарга канча пайда келтирерин айтты (Таштемиров). Күч жумшоо — иштөө, кызмат кылуу, бир нерсени орундоо үчүн аракет кылуу. Биздин милдет күч жумшамак аларга, Эсен болсо кырсыктардан денибиз (Аалы). Күч келтирүү — кандайдыр бир нерсеге көбүрөөк таянуу; сарп кылуу; кыйындык келтирүү Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып отурат (Сасыкбаев). Күчүн берүү же күчүн алуу — убактылуу пайдаланууга берүү, иштетүүгө берүү же алуу. Азимкан балам, тагыңдын үч күндүк күчүн бербедиң («Кедейкан»). Күч күйөө к. Күйөө. Кара күчкө — калп эле, курулай эле. Карабек кара күчкө Бердини мактаган болуп жүрүп кетти (Жантөшев). Динар табыш чыгарып кара күчкө жөтөлдү (Сыдыкбеков).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
күч, күчтү
күч ал-
күч алуу
күч-аракет
күч ат
күч ийини (физ.)
күч импульсу
күч келтирүү
күч колдонуу
күчкө салуу
күч-кубат
күч-кубаттуулук
күч күйөө
күч мал
күч моменти (физ.)
күч талаасы (физ.)
күч ташуу
күч унаа
күчү кайтуу
күчүн алуу
күчүн багыттоо
күчүн үрөө
күчүн топтоо
күчү ташуу
күч эмгеги

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, адамдын (жандыктын) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу. Алтымышка жаш жетти, Энеңден кайрат, күч кетти («Кедейкан»). Адамдар ушул бүткүл тоону оодарып салууга да күчтөрү жетет (Сасыкбаев). Мына күчүм – курулушка жумшаймын (Токомбаев). 2. Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы. Бул кезде күчүн жайып билим кенин, Кези экен кадаланып казып жаткан (Турусбеков). Акылайга окшобой калабы дейм, Акындык күчүм менин жетпей турат (Турусбеков). 3. Ишти, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли, кубат, энергия, кайрат. Эр паровоз күчкө келип, Адыр, кырды аттаган (Бөкөнбаев). Желаргыны да жумушка кошсо көп күч кирет (Убукеев). Аялдар зор күч экендиги шахтадан дале сезилет (Сасыкбаев). 4. Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк. Мыйзам өз күчүн жоготту. Акчанын күчү. 5. Бийлик, кудурет, таасир. Кантейин, жазмыш күчү уруксат бербейт, Заманга иштер элем далайга өлбөй (Осмонов). Коллективдин күчү. 6. Мүмкүнчүлүк, шарт, чама. Кымбат баалуу тамактарды сатып жешке күчүм жетпейт (Абдукаримов). 7. Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы. Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп, Уктатпады, уйкум эске келбеди (Токомбаев). Эл – тарыхты түзүүчү, коомдук өнүгүүнүн башкы күчү («Кыргыз Руху»). 8. Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү. Өндүрүштүн кыймылдаткыч күчтөрү. Тынчтык үчүн күрөшкөн күчтөр. 9. Аскерлер, кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар. Куралдуу күчтөр. Деңиз күчтөрү. Артисттик күчтөр. 10. Эмгек, кызмат, жардам. Ичип турат сүтүңдү, Көрүп турат күчүңдү (Тоголок Молдо). Кээ бир иштерди акчага шылтабай өзүбүздүн күч менен бүтүрүшкө болбойбу? (Сыдыкбеков). 11. Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу. Кыялы бузук, заары күч, Ал Көкдөөдөн күдөр үз («Эр Төштүк»). Мейли, болсун капкараңгы түн айсыз, Мейли, болсун бороону күч ызгаар кыш (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
кучеля, кучеляба, чилибуха (яд);
күчтүү болсун арак деп, күчаладан салдырып фольк. чтобы водка была крепкой, велел положить (в неё) кучели;
күчаладай ташыды или күчаладай күч алды бурлит (напр. о спиртном напитке).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Топчу формасындагы ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Тигил [Сапар] эмне күчала жегендей болуп, тырп этпейт (Бейшеналиев). Күчтүү арактан алдырып, Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырып («Манас»). Күч кайраты ташыды, Кучаладай ачыды (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЧАЛА — седеп топчу сыяктуу ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Орто Азия элдеринде дары жана уу катары байыртадан бери кеңири колдонулуп келген. Кыргыз дарыгерлери К-ны сууга кайнатып, кымызга, бозого ачытып, кзак оорудан күч-кубаты начарлагандарга, эски ооруларды дарылоого жана жалпы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланышкан. Эпосто К. күчтүү ачыткы, күчүн жогорулатуу максатында колдонулганы баяндалат. «Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырган, Алдырып келип арагын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 428). «Күчтүү болсун арак деп, Күчаладан салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 252). Аңчылыкта карышкыр, түлкү ж. б-ды ууктуруу үчүн да колдонулган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Топчу формасындагы ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Тигил Сапар эмне күчала жегендей болуп, тырп этпейт (Бейшеналиев). Күчтүү арактан алдырып, Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырып («Манас»). Күч кайраты ташыды, Күчаладай ачыды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күчөө, күчөй баштоо, күчтүү, кубаттуу болуу, көбөйүү. Жусупакундун кылыктары жөнүндөгү сөздөр күч ала баштады (Жантөшев). Уламдан улам шамал күч алат. Бороон күч алып, толкундар төө өркөчтөнүп жээкке урунуп жатты («Кыргызстан маданияты»). В.: Күчаладай күч алуу. Булар эми күчаладай күч алган экен го (Жакыпбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсеге же бирөөгө көбүрөөк басым жасоо, ага оордук, кыйынчылык келтирүү, көбүрөөк таянуу. Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып турат (Сасыкбаев). Көзүнө күч келтирип ыйлай берди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсеге же бирөөгө көбүрөөк басым жасоо, ага оордук, кыйынчылык келтирүү, көбүрөөк таянуу. Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып турат (Сасыкбаев). Көзүнө күч келтирип ыйлай берди («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНБОО ПРИНЦИБИ – мамлекеттер ортосундагы мамилеге күч колдонууга жана коркутуп-үркүтүүгө тыюу салынгандыгын билдире турган эларалык укуктун негизги принциптеринин бири. К. к. п. алгачкы ирет 1928-жылдын 27-августундагы Париж келишими (Бриана-Келлога пактысы) аркылуу бекитилген. БУУ Уставы, баскынчылык согуштарына тыюу салуу менен эле чектелбестен, мамлекеттердин аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы кайчы келген эларалык мамилелерге коркунуч туудуруучу БУУ максаттарына ылайык келбеген аргандай аракеттерге тыюу салат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНУП ЖЕ ПСИХИКАЛЫК МАЖБУРЛОО – кылмыш-жаза укугундагы кылмыш жосунун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Эгер өзүнүн иш-аракетин колго алалбай калган учурда күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында кылмыш-жаза коргой турган кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Өз иш-аракетин колго алууга мүмкүнчүлүгү бар жагдайда күч колдонуп же психикалык мажбурлоо болгон учурда, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселе КР кылмыш-жаза мыйзамдарын эске алуу аркылуу чечилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыздын ата-энеси менен бирге жашаган күйөө, өзүнчө үй-жайы жок күйөө бала. Күч күйөө жатканын калыңга тогойт (макал). Чоңдун катын-баласынан өйдө илээлүү келчи эле, сени менден ажыратып, күч күйөөгө айлантпасын (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыздын ата-энеси менен бирге жашаган күйөө, өзүнчө үй-жайы жок күйөө бала. Күч күйөө болуп кирем деп, Кызын бекер алам деп («Олжобай менен Кишимжан»). Күч күйөө жатканын калыңга тогойт (макал). Чоңдун катын-баласынан өйдө илээлүү келчи эле, сени менден ажыратып, күч күйөөгө айлантпасын (Бейшеналиев). Бир аялдын үйүндө жүрөт. Ошого күч күйөө болуп кирип алат имиш (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аялынын ата-энесиникине башы менен биротоло кирип берүү. Күч күйөө болуп кирем деп, Кызын бекер алам деп («Олжобай менен Кишимжан»). Ырас кылыпсың, күч күйөө болуп, оңой оокатты тапкан окшойсуң (Эшмамбетов). Күч-күйөө болуп жүрөсүң, Калмырзага тийишип (Калмырза).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. усиливаться, забирать силу;
ичпе десе, күчөп ичет ему говорят "не пей", а он ещё больше пьёт;
2. задаваться;
сен аны кыйратып салам деп, көп күчөбө ты не очень задавайся, мол, разгромлю его.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЧӨР — топоним. Кыргыздар жана аларга жакын турган элдер жашаган шаар. Каракандын сегиз уулунун кенжеси Жакып Алтайга айдалып барып, эгин эгип «Аксы менен Күчөрдөн, Ичерине чай алып» (Саякбай Каралаев, 1. 49) турганы айтылат. Географиялык реалияда Тянь-Шандын түштүк этегиндеги Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна караштуу түзөң жер, шаар. Илимий адабияттарда Куча деп берилип, жергиликтүү тилдерде Кучар-Күчөр деп айтылат мындагы «р» тыбышынын кошулуп айтылышы айрым илимий көз караштарда араб тилин тууроодон чыккан.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Күчү жок, алсыз, кубатсыз, дармансыз. Эски чакта. күчсүз болсо бечелдей, Бүгүн күчтүү, эрк нуруна бөлөнгөн (Аалы). Жазыксыз долу толкун капшапка алды, Күчсүздөр кандай ага айла кылар (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир иш боюнча начар, билимсиз, жөндөмсүз, мүмкүнчүлүгү жок. Биздин бабалар тоонун ички сырын ачууга күчсүз болушту (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күчү жок, алсыз, кубатсыз, дармансыз. Эски чакта күчсүз болсо бечелдей, Бүгүн күчтүү, эрк нуруна бөлөнгөн (Токомбаев). Жазыксыз долу толкун капшапка алды, Күчсүздөр кандай ага айла кылар (Турусбеков). 2. Кандайдыр бир иш боюнча начар, билимсиз, жөндөмсүз, мүмкүнчүлүгү жок. Биздин бабалар тоонун ички сырын ачууга күчсүз болушту (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Күчкө салуу. Ажарга күчтөп нике кыйылды (Баялинов). Көзүнө улам-улам дүрбүнү алат, Кыйналат аны бирөө күчтөгөндөй (Үмөталиев).
2. Күчөтүү, күчтүүлөө. Тамакты күчтөп ичсе гана айыкчу дарт экен (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күчкө салуу. Күчтөгөндө күрүч да желбейт (макал). Көзүнө улам-улам дүрбүнү алат, Кыйналат аны бирөө күчтөгөндөй (Үмөталиев). 2. Күчөтүү, күчтүүлөө. Тамакты күчтөп ичсе гана айыкчу дарт экен (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сильный;
күчтүү болсоң, жердей бол - баарын чыдап көтөргөн погов. если ты силён, то будь как земля, которая всех поднимает;
2. перен. (о спиртных напитках) крепкий;
күүлүү-күчтүү см. күүлүү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Күчү бар, алдуу, кубаттуу. Саламаттыгы мыкты, алдуу-күчтүү балдар чоюн эритүүчү цехке которулду (Сасыкбаев). Алтымыш жашка чыксам да, Алымды күчтүү сеземин (Бөкөнбаев). Сенин күчтүү, чордуу баатыр колуңдан Кара зоолор калтырады, кулады (Аалы).
  1. 2.                  Мүнөзү, эрки туруктуу, бекем, кайраттуу. Эрки күчтүү адамдар.
  2. 3.                  Жакшы куралданган, мыкты, кубаттуу. Күчтүү армия.
  3. 4.                  Бийликтүү, кудуреттүү; кубаттуу, таасирдүү, авторитеттүү. Гүлдүү, күчтүү, теңдеши жок мекеним! (Аалы). Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына (Осмонов).
  4. 5.                  Кыйын, оор жумушту орундатууга жөндөмдүү; өндүрүмдүү; зор кубат, энергия бере алган. Полуна цемент төшөлгөн бөлүмдө күчтүү машинаны тейлеп Фатима олтурат (Сасыкбаев). Күчтүү, күлүк от араба, Алга карай дыркырайт (Аалы). Көк-Жаңгактын көмүрүнүн табы да күчтүү, жалыны да узун (Сасыкбаев).
  5. 6.                  Кыймылы, деңгээли, күчү боюнча орчундуу, кубаттуу, катуу. Жарга жетип чыңырды да, Күчтүү шарга ыргыды (Аалы). Күчтүү шамал күчөп уруп, Булут качты асманда (Аалы). [Кыштын] суугу да абдан күчтүү болуп, а дегенде эле катуу кармады (Убукеев).
  6. 7.                  Маанилүү. Кызыл желекчелердин мааниси күчтүү, сыймыгы зор (Сасыкбаев). Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыктуу курал санайбыз (Турусбеков).
  7. 8.                  Катуу чыккан, дабыштуу. Салтанаттуу чогулуш кызуу алкыш, күчтүү жаңырык менен ачылды (Сасыкбаев). Жамгыр нөшөрлөгөн сайын алда кандай күчтүү добуш үйгө кирип келаткансыйт (Сыдыкбеков).
  8. 9.                  Керектүү нерселерге бай, берекелүү, өндүрүмдүү. Таластын тоосу бийик, жери тегиз, Таластын жери күчтүү, малы семиз (Шүкүрбеков). Уйларыңа

күчтүү тоют жем керек, Көп эттенсе кундуз жүнү сеңселет (Осмонкул).
  1. 10.              Өз ишин жакшы билген, жакшы аткарган; билимдүү, зээндүү, жөндөмдүү,

билгич. Ал чет тил боюнча күчтүү. Күчтүү кызматкер. Билими күчтүү миңди жыгат (макал).
  1. 11.              Көп, чоң, кыйын, бекем. Эченди көргөн Коңурбай, Айласы күчтүү доңуз ай! («Манас»). Бирок коркунуч дагы күчтүү (Жантөшев). Хан болгон бул кишиңерКаары күчтүү, зор бекен? («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күчү бар, алдуу, кубаттуу. Саламаттыгы мыкты, алдуу-күчтүү балдар чоюн эритүүчү цехке которулду (Сасыкбаев). Алтымыш жашка чыксам да, Алымды күчтүү сеземин (Бөкөнбаев). Сенин күчтүү, чордуу баатыр колуңдан, Кара зоолор калтырады, кулады (Токомбаев). 2. Мүнөзү, эрки туруктуу, бекем, кайраттуу. Эрки күчтүү адамдар. 3. Жакшы куралданган, мыкты, кубаттуу. Күчтүү аскер. 4. Бийликтүү, кудуреттүү, кубаттуу, таасирдүү, беделдүү. Гүлдүү, күчтүү, теңдеши жок мекеним! (Токомбаев). Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына (Осмонов). 5. Кыйын, оор жумушту орундатууга жөндөмдүү, өндүрүмдүү, зор кубат, энергия бере алган. Полуна цемент төшөлгөн бөлүмдө күчтүү машинаны тейлеп Фатима олтурат (Сасыкбаев). Күчтүү, күлүк от араба, Алга карай дыркырайт (Токомбаев). Көк-Жаңгактын көмүрүнүн табы да күчтүү, жалыны да узун (Сасыкбаев). 6. Кыймылы, деңгээли, күчү боюнча орчундуу, кубаттуу, катуу. Жарга жетип чыңырды да, Күчтүү шарга ыргыды (Токомбаев). Күчтүү шамал күчөп уруп, Булут качты асманда (Токомбаев). Кыштын суугу да абдан күчтүү болуп, а дегенде эле катуу кармады (Убукеев). 7. Маанилүү. Кызыл желекчелердин мааниси күчтүү, сыймыгы зор (Сасыкбаев). Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыктуу курал санайбыз (Турусбеков). 8. Катуу чыккан, дабыштуу. Салтанаттуу чогулуш кызуу алкыш, күчтүү жаңырык менен ачылды (Сасыкбаев). Жамгыр нөшөрлөгөн сайын алда кандай күчтүү добуш үйгө кирип келаткансыйт (Сыдыкбеков). 9. Керектүү нерселерге бай, берекелүү, өндүрүмдүү. Таластын тоосу бийик, жери тегиз, Таластын жери күчтүү, малы семиз (Шүкүрбеков). Уйларыңа күчтүү тоют жем керек, Көп эттенсе кундуз жүнү сеңселет (Осмонкул). 10. Өз ишин жакшы билген, жакшы аткарган, билимдүү, зээндүү, жөндөмдүү, билгич. Ал чет тили боюнча күчтүү. Күчтүү кызматкер. Билими күчтүү миңди жыгат (макал). 11. Көп, чоң, кыйын, бекем. Эченди көргөн Коңурбай, Айласы күчтүү доңуз ай! («Манас»). Бирок коркунуч дагы күчтүү (Жантөшев). Хан болгон бул кишиңер – Каары күчтүү, зор бекен? («Эр Табылды»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧТҮҮ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ЗАТ – аз өлчөмдө кабыл алган учурда же медициналык жактан терс таасир бергенде денсоолук менен өмүр үчүн коркунуч келтирген заттар. Ал көзгө көрүнүүлөр коштоо менен же кыймылдаткыч иш-милдетти, болбосо ойлоону, жүрүм-турумду, кабылдоону бузуу менен, көзкарандуулукка, демөөр байлоого же солгундоого түртөт. К. т. э. з-тын тизмеги КР Өкмөтү тарабынан бекитилет. К. т. э. з-га аминазин, клофелин, теофедрин, хлороформ ж. б. кирет. КР кылмыш-жаза мыйзамдары К. т. э. з-ды жүгүрткөндөргө жоопкерчилик белгилейт. К. т. э. з-ды жүгүртүүгө КР кылмыш-жаза мыйзамдары тарабынан жоопкерчилик белгиленген.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. щенок; волчонок; тигрёнок;
Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен бир жолборс жатыптыр вдруг оказалось, что в ложбине Кегеты лежат тигр и два тигрёнка;
ак күчүгүм, жүгүрө-жүгүрө, бооз болду загадка мой белый щенок бегал-бегал и забеременел (отгадка ийик веретено);
2. почка (растения; ср. бүчүр);
3. серёжки (напр. у тальника, ивы);
кырчын талдар күчүгүн түшүрүп, майда-майда бүрлөрү жалбырактай баштады ива-бредина сбросила серёжки и начала покрываться мелкими листочками;
үй күчүк сидень (тот, кто всё время сидит дома);
үй күчүк болуп эле, эч кайда чыкпайт он сиднем сидит и никуда не выходит;
күлдүү күчүк забитый, измученный грязной работой по дому (чаще о женщинах и детях);
кээ бир наадандар жаш кыздарга үйлөнөр замат аларды эч кайда чыгарбастан үйлөрүнө камап, күлдүү күчүк кылып коюшат некоторые невежды, только женившись на молодых девушках, запирают их дома, никуда не выпускают и превращают в своих служанок;
ала күчүк кошки-мышки (игра; букв. пегий щенок);
сүткө тийген күчүктөй как нашкодивший (букв. коснувшийся молока) щенок;
сүткө тийген күчүктөй кайдадыр жашынган он куда-то спрятался, будто нашкодивший щенок;
күчүк тувар южн. вид грифа;
сары күчүк то же, что албарсгы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Грузчиктер бир платформадан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнүн угушту (Сасыкбаев).
2. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).
Үй күчүк болуу — үйүнөн чыкпоо, үйүндө эле жүрүү. Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Көкүрөк күчүгү — эң кичүү, кенже баласы. Мына бул ортончум, мына бул көкүрөк күчүгүмкенжем («Советтик адабият»).
КҮЧҮК II зат. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Тоодой үйүлгөн чөптүн арасынан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнү угулгансыйт (Сасыкбаев). 2. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов). 3. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о суке, волчице, тигрице) щениться;
2. (о щенках) появляться на свет;
3. (о растениях) набирать почки;
4. (о тальнике, иве-бредине) выпускать серёжки;
талы күчүктөп, токою бүрдөдү тал там выпустил серёжки, лес выпустил листочки.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Итти чакыруу үчүн колдонулган сырдык сөз. Түрк тилинде күчүк «кичине, кичинекей» деген маанини билдирет. Демек, иттин баласынын аталышы жана аны чакыруучу сырдык сөз ушул сөздөн келип чыккан. Кыргыз тилинде кичик түрүндө сакталып, «Улук болсоӊ, кичик бол» деген сыяктуу макалдардын курамынан кездешет. Түрк тилинде «бала» мааниси да бар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Күч келип ооруп калуу, күч келип ооруксунуу. Бир нече күн жол жүрүп Табылдынын буту күчүркөнүп кайрадан шишип күчөй баштады («Эр Табылды»). Жанагы капты көтөрө коёмун деп белим күчүркөнө түшпөдүбү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от күчүркө-,
то же, что күчүркө-;
бир нече күн жол жүрүп, Табылдынын буту күчүркөнүп, кайрадан шишип күчөй баштады после нескольких дней пути нога Табылды надсадилась и опять начала пухнуть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күч келип ооруп калуу, күч келип ооруксунуу. Бир нече күн жол жүрүп Табылдынын буту күчүркөнүп кайрадан шишип күчөй баштады («Эр Табылды»). Жанагы капты көтөрө коёмун деп белим күчүркөнө түшпөдүбү.