күчала
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Топчу формасындагы ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Тигил [Сапар] эмне күчала жегендей болуп, тырп этпейт (Бейшеналиев). Күчтүү арактан алдырып, Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырып («Манас»). Күч кайраты ташыды, Кучаладай ачыды (Жантөшев).