1. щенок; волчонок; тигрёнок; Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен бир жолборс жатыптыр вдруг оказалось, что в ложбине Кегеты лежат тигр и два тигрёнка; ак күчүгүм, жүгүрө-жүгүрө, бооз болду загадка мой белый щенок бегал-бегал и забеременел (отгадка ийик веретено); 2. почка (растения; ср. бүчүр); 3. серёжки (напр. у тальника, ивы); кырчын талдар күчүгүн түшүрүп, майда-майда бүрлөрү жалбырактай баштады ива-бредина сбросила серёжки и начала покрываться мелкими листочками; үй күчүк сидень (тот, кто всё время сидит дома); үй күчүк болуп эле, эч кайда чыкпайт он сиднем сидит и никуда не выходит; күлдүү күчүк забитый, измученный грязной работой по дому (чаще о женщинах и детях); кээ бир наадандар жаш кыздарга үйлөнөр замат аларды эч кайда чыгарбастан үйлөрүнө камап, күлдүү күчүк кылып коюшат некоторые невежды, только женившись на молодых девушках, запирают их дома, никуда не выпускают и превращают в своих служанок; ала күчүк кошки-мышки (игра; букв. пегий щенок); сүткө тийген күчүктөй как нашкодивший (букв. коснувшийся молока) щенок; сүткө тийген күчүктөй кайдадыр жашынган он куда-то спрятался, будто нашкодивший щенок; күчүк тувар южн. вид грифа; сары күчүк то же, чтоалбарсгы.
Iзат.1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Грузчиктер бир платформадан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнүн угушту (Сасыкбаев).
2. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).
♦ Үйкүчүкболуу — үйүнөн чыкпоо, үйүндө эле жүрүү. Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Көкүрөккүчүгү — эң кичүү, кенже баласы. Мына бул ортончум, мына бул көкүрөк күчүгүм — кенжем («Советтик адабият»).
КҮЧҮКIIзат. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов).
1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Тоодой үйүлгөн чөптүн арасынан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнү угулгансыйт (Сасыкбаев). 2. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов). 3. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).
Итти чакыруу үчүн колдонулган сырдык сөз. Түрк тилинде күчүк «кичине, кичинекей» деген маанини билдирет. Демек, иттин баласынын аталышы жана аны чакыруучу сырдык сөз ушул сөздөн келип чыккан. Кыргыз тилинде кичик түрүндө сакталып, «Улук болсоӊ, кичик бол» деген сыяктуу макалдардын курамынан кездешет. Түрк тилинде «бала» мааниси да бар.
Убактылуу пайдаланууга берүү, иштетүүгө берүү же алуу. Бир аттын күчүн алып берейин. В.: Күчүн берүү. Азимкан балам, тагыңдын үч күндүк күчүн бербедиң («Кедейкан»).
этиш. Күч келип ооруп калуу, күч келип ооруксунуу. Бир нече күн жол жүрүп Табылдынын буту күчүркөнүп кайрадан шишип күчөй баштады («Эр Табылды»). Жанагы капты көтөрө коёмун деп белим күчүркөнө түшпөдүбү.
возвр. откүчүркө-, то же, чтокүчүркө-; бир нече күн жол жүрүп, Табылдынын буту күчүркөнүп, кайрадан шишип күчөй баштады после нескольких дней пути нога Табылды надсадилась и опять начала пухнуть.
Күч келип ооруп калуу, күч келип ооруксунуу. Бир нече күн жол жүрүп Табылдынын буту күчүркөнүп кайрадан шишип күчөй баштады («Эр Табылды»). Жанагы капты көтөрө коёмун деп белим күчүркөнө түшпөдүбү.