күчү-күчү
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыИтти чакыруу үчүн колдонулган сырдык сөз. Түрк тилинде күчүк «кичине, кичинекей» деген маанини билдирет. Демек, иттин баласынын аталышы жана аны чакыруучу сырдык сөз ушул сөздөн келип чыккан. Кыргыз тилинде кичик түрүндө сакталып, «Улук болсоӊ, кичик бол» деген сыяктуу макалдардын курамынан кездешет. Түрк тилинде «бала» мааниси да бар.