КҮЧҮК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Тоодой үйүлгөн чөптүн арасынан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнү угулгансыйт (Сасыкбаев). 2. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов). 3. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).