КҮЧСҮЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Күчү жок, алсыз, кубатсыз, дармансыз. Эски чакта күчсүз болсо бечелдей, Бүгүн күчтүү, эрк нуруна бөлөнгөн (Токомбаев). Жазыксыз долу толкун капшапка алды, Күчсүздөр кандай ага айла кылар (Турусбеков). 2. Кандайдыр бир иш боюнча начар, билимсиз, жөндөмсүз, мүмкүнчүлүгү жок. Биздин бабалар тоонун ички сырын ачууга күчсүз болушту (Сыдыкбеков).