КҮЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, адамдын (жандыктын) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу. Алтымышка жаш жетти, Энеңден кайрат, күч кетти («Кедейкан»). Адамдар ушул бүткүл тоону оодарып салууга да күчтөрү жетет (Сасыкбаев). Мына күчүм – курулушка жумшаймын (Токомбаев). 2. Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы. Бул кезде күчүн жайып билим кенин, Кези экен кадаланып казып жаткан (Турусбеков). Акылайга окшобой калабы дейм, Акындык күчүм менин жетпей турат (Турусбеков). 3. Ишти, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли, кубат, энергия, кайрат. Эр паровоз күчкө келип, Адыр, кырды аттаган (Бөкөнбаев). Желаргыны да жумушка кошсо көп күч кирет (Убукеев). Аялдар зор күч экендиги шахтадан дале сезилет (Сасыкбаев). 4. Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк. Мыйзам өз күчүн жоготту. Акчанын күчү. 5. Бийлик, кудурет, таасир. Кантейин, жазмыш күчү уруксат бербейт, Заманга иштер элем далайга өлбөй (Осмонов). Коллективдин күчү. 6. Мүмкүнчүлүк, шарт, чама. Кымбат баалуу тамактарды сатып жешке күчүм жетпейт (Абдукаримов). 7. Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы. Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп, Уктатпады, уйкум эске келбеди (Токомбаев). Эл – тарыхты түзүүчү, коомдук өнүгүүнүн башкы күчү («Кыргыз Руху»). 8. Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү. Өндүрүштүн кыймылдаткыч күчтөрү. Тынчтык үчүн күрөшкөн күчтөр. 9. Аскерлер, кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар. Куралдуу күчтөр. Деңиз күчтөрү. Артисттик күчтөр. 10. Эмгек, кызмат, жардам. Ичип турат сүтүңдү, Көрүп турат күчүңдү (Тоголок Молдо). Кээ бир иштерди акчага шылтабай өзүбүздүн күч менен бүтүрүшкө болбойбу? (Сыдыкбеков). 11. Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу. Кыялы бузук, заары күч, Ал Көкдөөдөн күдөр үз («Эр Төштүк»). Мейли, болсун капкараңгы түн айсыз, Мейли, болсун бороону күч ызгаар кыш (Осмонов).