КҮЧАЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Топчу формасындагы ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Тигил Сапар эмне күчала жегендей болуп, тырп этпейт (Бейшеналиев). Күчтүү арактан алдырып, Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырып («Манас»). Күч кайраты ташыды, Күчаладай ачыды (Жантөшев).