казан I котёл;
жан казан - дорожный котёл (небольшой), казанок;
жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар фольк. - голова у него с дорожный котёл, брови подобны лежащей собаке;
үстүмдө үйүм, астымда казаным жок анык бечарамын - надо мной нет юрты, передо мной нет котла - я настоящий бедняк;
казанга жакын жүрсө, көөсү жугат погов. - у котла ходить - сажей замазаться; ашың болсо, казан табылат погов. - если у тебя есть пища, то котёл найдётся; көмөч казан или южн.табан казан - сковорода;
казан карма - готовить пищу, стряпать, выполнять работу по кухне (в старом быту для мужчины это считалось позором);
казан кармат - заставить стряпать, заставить выполнять все кухонные дела;
казан ас - готовить пищу;
ат жалына казан аскан - тот, кто на гриве коня пищу готовит (т.е. так занят, что даже, чтобы поесть, с коня не слезает);
өз алдынча казан асты - он начал жить своим домом;
казан астыр- заставить готовить пищу;
казанга кайнат - кипятить в котле;
казан-аяк - собир. кухонная посуда;
казан-аягы бир или бир казандан аш ичет - у них стол общий, они питаются из одного котла;
казан-аякка катташ - (о женщинах) водить хлеб-соль;
казан-очок - всё хозяйство, связанное с приготовлением пищи;
казан-очогун артына кеткен бекен? - что ж, (его жена) навьючила на себя всю кухню и ушла? (так говорят о человеке, который не угостил прибывших к нему, ссылаясь на то, что жены дома нет);
таш казан 1) то же, что таш кордо (см. кордо I);
кийиктин этин таш казанга бышырып жеген - он жарил мясо киика на камнях и ел; 2) название игры;
аш казан разг. - желудок;
кызыл казан - общественное питание на колхозном стане;
куу казан - бедняк;
казанын сууга салып коюптур - он положил зубы на полку (букв. свой котёл он положил в воду);
казаны оттон (или тулгадан) түшүп калды - у него материальные дела плохи (букв. у него котёл с огня или с тагана спустился);
эл деген казан - народа великое множество;
казаны майлуу - у него постоянное хлебосольство (букв. у него котёл в жире);
катуудан казан калтырбай, такыр талап аламын фольк. - я ограблю дочиста (букв. ограблю, из твёрдого не оставив даже котла);
катындан казан талашкан - он у жены оспаривает котёл (презрительно о мужчине);
казан алуу этн. - "получение котла" (свадебный обычай: отец жениха даёт матери невесты в подарок "казан кулагына" (букв. на ушко котла) животное и получает от неё разрешение начинать резать к свадьбе скот);
тол, казан! (из сказки) - наполнись, котёл!;
казан-аштуу (или казан-аштуу) - зажиточный;
казан-аштуу кемпир - зажиточная старуха;
кара казан 1) название игры, несколько напоминающей футбол; 2) ист. род войск в Кокандском ханстве;
казан куйрук кой - овца с огромным курдюком;
бир казан - пеликан, баба-птица;
азан-казан - суматоха;
айыл азан-казан түшүп козголду - в ауле начался переполох;
азан-казан жыйын - большое и шумное собрание;
азан-казан айтып келди - он рассказал сногсшибательные вещи;
даш казан - см.даш I. казан II ир. 1. осенний листопад, осеннее пожелтение трав; 2. перен. отмирание старого и нарождение нового; полное обновление;
элүү жылда эл жаңырат, жүз жылда - казан погов. в пятьдесят лет народ обновляется (сменяется поколение), в сто лет - полное обновление. казан III
казан ат см.казанат.
зат. Ар түрдүү өлчөмдө металлдан жасалган тамак бышыруу же суу кайнатуу үчүн колдонулуучу идиш. Ашың болсо, казан табылат (макал). Казанга жакын жүрсө, көөсү жугат (макал).
Азыркы кыргыз тилинде карын сөзүнүн ордуна аш казан деп айтууга жол берилет. Байыркы түрк тилинде карын (ДТС, 427) сөзү болгон эмес. Ушуга караганда алгачкы карын сөзүнүн р тыбышы з тыбышына жана ы тыбышын а тыбышына алмаштыруудан казан сөзү келип чыккан. Ошондуктан карын дегендин ордуна аш казан деп айтууга мүмкүн болуп калган.
Малдын карынын байыркы элдер идиш катары пайдаланган. Карынга май куюу, сүзмө куюу азыркы күнгө чейин колдонулат. Карынды идиш катары пайдалануу байыркы кезде азыркыдан таптакыр башкача болушу мүмкүн. Карынга суу куюп, аны отко асып тамак бышыруу мүмкүн эмес, карын күйүп кетет. Карын – малдын ичиндеги идиш жасай турган эң чоң мүчөсү. Ошондуктан көлөмү боюнча барабар келген металлдан жасалган идиш да карынды билдирген сөз менен аталып калышы мүмкүн. Кыскасы, казан сөзү – карын сөзү менен тектеш.
1. Металлдан (көбүнчө чоюндан) тамак бышырууга ылайыкталып жасалган, көлөмү ар кандай, ооз, жагы тегерек келген идиш. Казанга жакын жүрсө, көөсү жугат (макал). Беш кемегеге беш казан асылып, чүйгүндөлүп салынган эт боркулдап кайнай баштады (Жантөшев). Торсойгон кичинекей казанга Батыш жарма жасады (Байтемиров). 2. Суу кайнатып, буусун түтүк аркылуу алып турууга ылайыкталган туюк бак сыяктуу жасалга. Буу казаны.
1. Күз. 2. Жалбырак, мөмөлөрдүн саргарып түшүп, солуганы. Колхоздун иши казан болуп, отоо, чабык, сугат. Дегеле миң иштин башы бир жолу кычап (Сыдыкбеков).
то же, чтоказына; казана оозун ачпайбы, карк алтыным чачпайбы фольк. разве он не откроет казну к не расточит моё чистое золото? боз шапке менен боз кемсел казанадан кийдиңиз фольк. серую шапку и серый камзол надели вы от казны; кең казана (о человеке) щедрый.
см.казнак; алты күнү, эрикпей, казанагын ойдуруп фольк. она велела шесть дней, не ленясь, подкапывать казнак (см.); ай казанак ист. полумесяц на древке знамени.
Мүрзөнүн өлүктү коюу үчүн көңдөйлөнүп казылган бөлүгү. Эки киши Алматайды жайына жаткырышып, казанагынын оозуна чоподон жыя баштаганда, Эмилбек апасынан айрылганына көзү жетип, чыңырып жиберди (Осмоналиев). Кээ бир мүрзөлөрдүн казанактары оюлуп, оңурайып турат («Чалкан»).
КАЗАН АЛП — эпизоддук кейипкер. Алптардын катарында аты гана аталат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Эпосто көпчүлүк жер-суу аттарынын ошол жердик каармандын ысымына ооп кетиши арбын. Чыгыш элдеринин бул аты (фамилиясы) да кичи мекенинин (төрөлгөн шаары, айылы) аты менен аталары белгилүү. Татар, башкырт элдеринин оозеки адабиятында Казан аттуу баатыр, алп көп жолугат. Ошентип, эпостук, К. а-ты Эдил бою тараптан келген дөө деп болжолдоого болот.
ир. (или казан ат) 1. название породы скаковых лошадей; знаменитый скакун; нагыз тулпар, казан ат - казатка минсе, арыбайт фольк. настоящий тулпар (см.), скаковой конь, в поход ехать (на нём) - он не устанет; 2. перен. (о человеке) энергичный, выдающийся (как сравнение); казанат элем бир кезде, караңгы, кундүз жүгүргөн фольк. был я тогда знаменитым скакуном, который бежит и в темноте, и днём; казак менен кыргызга казанат элем чабылган фольк. (акын о себе) для казахов и киргизов я был скакуном наезженным.
1. Чыдамкай, күлүк ат, буудан, тулпар, Кара байыр казанат, Кетмен туяк, кең соору, Керишке минчү жылкы экен («Сейтек»). 2. өт. Кубаттуу, күжүрмөн (адамга карата). Казак менен кыргызга Казанат элем чабылган («Ала-Тоо»). Кара байыр казанат («Манас» С. К.). Кабат-кабат артууда, Казанат келет жүгүрүп (Токтоналиев). Алыска минсе чарчабас, Кара байыр казанат («Манас»).
(метатеза казан-кап) деревянный решетчатый футляр для котла (в нём держали и новорождённых ягнят); жаман көргөндүн бөркү - казанбактай погов. у того, кого не любишь, и шапка безобразна (букв. как казанбак); өпкөсү казанбактай болду он очень обиделся.
Көчүп-конгондо казан сынбасын жана булгабасын үчүн аны талдан согулган себетке же капка салып койгон. Ал идиш казан кап аталган. Кийин бул эки сөз биригип, кап сөзү метатезаланып, бак болуп өзгөргөн. Натыйжада казанбак сөзү келип чыккан.
Казганактоо, аябай көп болуу, көбөйүп кетүү. Турушат миллион эл казандаган, Миңи да тоонун бирин аша албаган (Калык). Калың жылкы, көп калмак, Казандап түздө жатканын, Табылды көрүп алды эми («Эр Табылды»).
Эгин жыйылып, бастырылып, чөп чабылып бүткөн кез. Бул маалда көп элдер кубанычтуу майрам жасаган. Бир күнү «Казан майрамы» деген чоң майрам болуп, үч күнгө созулду (Элебаев).
1. котельщик, мастер, изготовляющий котлы (кухонные); казанчынын эрки бар, кайдан кулак чыгарса погов. котельщик волен сделать ушко (котла) там, где он захочет; 2. уст. повар, кухонный работник (на нём лежала вся кухонная работа); ачуу менен чүчүүнүн даамын таткан казанчы стих. и горькое и сладкое вкушает повар; казанчы күң (в эпосе) рабыня-повариха (выполнявшая все кухонные дела); казанчы кул (в эпосе) раб, выполнявший чёрную работу по кухне.
зат. 1.Казан жасоочу адам. Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса (макал).
2.өт.Тамак-аш жасоочу адам. Ачуу менен таттуунун, Даамын таткан казанчы (Тоголок Молдо).
1. Казан жасаган уста. Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса (макал). 2. Тамак-аш жасаган, казан кармаган адам, ашпозчу. Ачуу менен таттуунун, Даамын таткан казанчы (Токтогул). Уйчу, койчу, казанчысы байлардын, Ээлей берди эчен жылы бакканын (Токомбаев).
полка кремнёвого ружья; машааны ирмеп алганы, чоргодой болгон кызыл чок казанчыкка кнргени фольк. дёрнул он курок, красный уголь (т.е. искра) с носик (чайника) в полку проник.
Бардар, колунда бар, оокат-аштуу, тамак-ашы кенен, жетиштүү. Ал казаны майлуу, оокаттуу киши экен, аны биз айылдын аймагына биринчи кадам аттаганда эле байкадык («Советтик Кыргызстан»).
Бардар, колунда бар, оокат-аштуу, тамак-ашы кенен, жетиштүү. Ал казаны майлуу, оокаттуу киши экен, аны биз айылдын аймагына биринчи кадам аттаганда эле байкадык («Советтик Кыргызстан»).
Казан асып, тамак жасап ичер кудурети жок калуу, эч нерсеси жок карап калуу, жакырлануу, оокат-ашсыз калуу. Казаным оттон түшүп, кызыл от кысыр калбаса болду (Сыдыкбеков). Казаны оттон түшүп калыптыр.
Казан асып, тамак жасап ичер кудурети жок калуу, эч нерсеси жок карап калуу, жакырлануу, оокат-ашсыз калуу. Казаным оттон түшүп, кызыл от кысыр калбаса болду (Сыдыкбеков). Казаны оттон түшүп калыптыр. В.: Казаны тулгадан түшүү. Казаны тулгадан түшүп калыптыр. Казаны тулгадан түшүп, оту өчтү (Шүкүрбеков). Казанын сууга салуу. Ошентип, анын казаны сууга салынып калган экен.