КАЗАНБАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКөчүп-конгондо казан сынбасын жана булгабасын үчүн аны талдан согулган себетке же капка салып койгон. Ал идиш казан кап аталган. Кийин бул эки сөз биригип, кап сөзү метатезаланып, бак болуп өзгөргөн. Натыйжада казанбак сөзү келип чыккан.