Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде карын сөзүнүн ордуна аш казан деп айтууга жол берилет. Байыркы түрк тилинде карын (ДТС, 427) сөзү болгон эмес. Ушуга караганда алгачкы карын сөзүнүн р тыбышы з тыбышына жана ы тыбышын а тыбышына алмаштыруудан казан сөзү келип чыккан. Ошондуктан карын дегендин ордуна аш казан деп айтууга мүмкүн болуп калган. Малдын карынын байыркы элдер идиш катары пайдаланган. Карынга май куюу, сүзмө куюу азыркы күнгө чейин колдонулат. Карынды идиш катары пайдалануу байыркы кезде азыркыдан таптакыр башкача болушу мүмкүн. Карынга суу куюп, аны отко асып тамак бышыруу мүмкүн эмес, карын күйүп кетет. Карын – малдын ичиндеги идиш жасай турган эң чоң мүчөсү. Ошондуктан көлөмү боюнча барабар келген металлдан жасалган идиш да карынды билдирген сөз менен аталып калышы мүмкүн. Кыскасы, казан сөзү – карын сөзү менен тектеш.