Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что казына;
казана оозун ачпайбы, карк алтыным чачпайбы фольк. разве он не откроет казну к не расточит моё чистое золото?
боз шапке менен боз кемсел казанадан кийдиңиз фольк. серую шапку и серый камзол надели вы от казны;
кең казана (о человеке) щедрый.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мүрзөнүн өлүктү коюу үчүн көңдөйлөнүп казылган бөлүгү. Эки киши Алматайды жайына жаткырышып, казанагынын оозуна чоподон жыя баштаганда, Эмилбек апасынан айрылганына көзү жетип, чыңырып жиберди (Осмоналиев). Кээ бир мүрзөлөрдүн казанактары оюлуп, оңурайып турат («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(или казан ат)
1. название породы скаковых лошадей; знаменитый скакун;
нагыз тулпар, казан ат - казатка минсе, арыбайт фольк. настоящий тулпар (см.), скаковой конь, в поход ехать (на нём) - он не устанет;
2. перен. (о человеке) энергичный, выдающийся (как сравнение);
казанат элем бир кезде, караңгы, кундүз жүгүргөн фольк. был я тогда знаменитым скакуном, который бежит и в темноте, и днём;
казак менен кыргызга казанат элем чабылган фольк. (акын о себе) для казахов и киргизов я был скакуном наезженным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чыдамкай, күлүк ат, буудан, тулпар, Кара байыр казанат, Кетмен туяк, кең соору, Керишке минчү жылкы экен («Сейтек»). 2. өт. Кубаттуу, күжүрмөн (адамга карата). Казак менен кыргызга Казанат элем чабылган («Ала-Тоо»). Кара байыр казанат («Манас» С. К.). Кабат-кабат артууда, Казанат келет жүгүрүп (Токтоналиев). Алыска минсе чарчабас, Кара байыр казанат («Манас»).