1. змея; ак жылан белая змея; сары жылан желтопузик, уж; кара чаар жылан гадюка; ок жылан стрела-змея; жылан ордосу змеиное гнездо, змеиное логово; ичтен чыккан ийри жылан погов. дурное, да родное (букв. кривая змея, вышедшая из нутра); жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт погов. когда хотят змею убить, он (даже) камня не подаст (о неотзывчивом человеке); жыландын башы голова змеи (в знахарстве применяется как защита от дурного глаза и злого языка); жөө жылан (или жөөлжан или сөөлжан) дождевой червь; 2. год змеи (см.жыл I 2); жылан сыйпап кетти всё подчистую; үйлөрүнүн ичи жылан сыйпап кеткендей в юртах у них пусто-пусто (никого и ничего нет); жылан сыйпагандай жыпжылма всё дотла, всё под метёлку; жыландын башын көргөз- или жыландын башын чыгар- хитрить, лукавить, готовить пакость; коңулдагы кара жылан змея подколодная; чала өлтүргөн жыландай ни рыба ни мясо (букв. как недобитая змея); жылан боор 1) особый вид ремённого плетения; 2) плеть, нагайка; жыландай (о человеке) ловкий, расторопный; жылкыга жыландай уул жарайт погов. для (пастьбы) лошадей пригоден (только) ловкий парень; жылаңдын куйругун бас- см.куйрук.
жылан, жыланга жылан балыктар жылан боор (камчы, кур) жылан баш жылан баш балыктар (зоол.) жылан башын кылтыйтуу (чыгаруу) жылан кескелдириктер (зоол.) жылан куйруктар жылан моюндар (куш) жылан сыйпагандай жылан чакпай, жылкы теппей жыландын башын чыгаруу жыландын куйругун басып алуу
1. Ийрелеңдеп сойлоп жүрүүгө ылайыкталган узун, жумуру денелүү, буттары жок, көбүнчө чагып алууга жөндөмдүү уулуу жаныбар. Кара чаар жылан. Суу жылан. Ок жылан. Сары жылан. || Динар шиберди как жарып туурага атырылган жыланды көрдү (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги эң катаал деп эсептелген алтынчы жылдын аты. Жылан жылы жут болду (Жантөшев). 3. өт. Бирөөнүн кара санатайлыгын, душманынын заардуулугун, катаал ырайымсыздыгын, ач көздүгүн ж. б. терс сапаттарын билдирүүдө колдонулат. Гитлер деген сур жылан (Үмөталиев). Батыштан жылан сойлоп өткөн эле, Удургуп кара булут жеткен эле (Үмөталиев).
Каарын төгүп зиркилдеп, катуу ачууланып туруу, каары бетине айланып, заарын чачып туруу. Чал ызасын кимден аларын билбей жыландай ышкырынып отурган эле (Укаев). Өз үйүндө да жыландай ышкырып отургандыктан катын-балдары анын кай жагынан чыгып калаарын билбей кыпылдап туруша турган («Ала-Тоо»).
Каарын төгүп зиркилдеп, катуу ачууланып туруу, каары бетине айланып, заарын чачып туруу. Чал ызасын кимден аларын билбей жыландай ышкырынып отурган эле (Укаев). Өз үйүндө да жыландай ышкырып отургандыктан катын-балдары анын кай жагынан чыгып калаарын билбей кыпылдап туруша турган («Ала-Тоо»).
Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу. «Берсин кызын, эгер көнүшпөй кайкалай турган болсо...», -деп жыландын башын көрсөтөт (Осмоналиев).
Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу. «Берсин кызын, эгер көнүшпөй кайкалай турган болсо...», – деп жыландын башын көрсөтөт (Осмоналиев). В.: Жыландын башын кылтыйтуу. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Ошентип бий жыландын башын кылтыйтып койду (Убукеев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов). Жыландын башын чыгаруу. Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). – Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, – деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков). Жыландын башын чыгарып сүйлөдү («Ала-Тоо»). Тоотпой баратса, жең учунан жыландын башын чыгарып кой (Сыдыкбеков).
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ
Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов).
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ
Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). - Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, - деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков).
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийүү, каарына, кыйыгына калуу, бир балакетке же кырсыкка кабылуу. - Айланайын коёгөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Ш. Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийип алуу, каарына калуу, байкабай сүйлөп жиберип бир балакетке кабылуу. Жыландын куйругун басып алба балам, ыгын таап сүйлөшкүн,– деди атам («Ала-Тоо»). В.: Жыландын куйругун басуу. – Айланайын коегөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).
Эч кимге жакшылык кылбаган, колунан эч жакшылык келбеген, кара санатай, кара өзгөй. Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десең, таш алып бербей тескери караган сөлөкөттүн кереги жок (Касымбеков).
Эч кимге жакшылык кылбаган, колунан эч жакшылык келбеген, кара санатай, кара өзгөй. Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десең, таш алып бербей тескери караган сөлөкөттүн кереги жок (Касымбеков).
Такыр эчтемеси калбай, тып-тыйпыл, жып-жылма болгондой. Үй күтпөдүм же атакелетип бала өппөдүм! Өрт өчкөндөй, жылан сыйпагандай болуп гана кеттим ээ! (Сыдыкбеков). Айыл үстүндөгү бодо мал жылан сыйпагандай сүрүлдү (Осмоналиев). Эки күндөн кийин эле жылан сыйпагандай болуп калат (Бердикеев).
Такыр эчтемеси калбай, тыптыйпыл, жып-жылма болгондой. Үй күтпөдүм же атакелетип бала өппөдүм! Өрт өчкөндөй, жылан сыйпагандай болуп гана кеттим ээ! (Сыдыкбеков). Айыл үстүндөгү бодо мал жылан сыйпагандай сүрүлдү (Осмоналиев). Эки күндөн кийин эле жылан сыйпагандай болуп калат (Бердикеев). Үйүнүн ичи жылан сыйпагандай (Жантөшев). Талаанын адырларынан чаң ызгып жылан сыйпагандай кубарат (Абдукаримов).
Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадири Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»). В.: Жылкы теппей, жылан чакпай. Жылкы теппей, жылан чакпай эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын үйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев). Жылкы теппей, жылан чакпай эмне болуп кетти сага? (Бердикеев).
Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадиры Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»).