1. другой, иной, прочий; башка киши другой, иной человек; башка амал жок иного выхода нет; эки башка не одно и то же, разные, неодинаковые (о двух предметах или явлениях); орус мектептеринен башка мектептер нерусские школы; адамдан башка выдающийся среди людей; Аяз деген бир балбан, айбаты башка адамдан фольк. силач по имени Аяз, грозность его исключительная (не такая, как у всех других людей); эйбандан башка исключительный среди животных; айбандан башка жаныбар фольк. (этот конь) лучшее из животных; адамдан башка сандалдым фольк. я испытал столько мытарств, как никто другой; дагы башкалар или жана башкалар и другие, и прочие, и так далее; 2. кроме, особо, отдельно; мындан башка кроме этого; сенден башка киши болдубу? кроме тебя ещё кто-нибудь был? бу өгүздү башка байла этого быка привяжи отдельно (от других); ал атасынан башка турат он с отцом живёт врозь, он живёт отдельно от отца; казаны башка живущий отдельно (своим котлом), живущий отдельным хозяйством (напр. об отделённом сыне); казаны башканын кайгысы башка погов. котёл отдельный, и забота отдельная; адамдан башка сана- не считать человеком; башкасы го башка болсун, ал эми... ну, об этом довольно, а вот...; атасы башка см.ата I 1.
сын. Бөлөк, бөтөн, өзгө. Башка күндөн майрамы көп ушул ай, Баарыбызга бакыт ачкан сулуу май (Осмонов). Сөздү башкага бургусу келген Шамбет үнүн атайы бек-бек чыгарды (Сыдыкбеков).
1. Бөлөк, өзгө. Башка колхоздорго да киши жибердик (Байтемиров). Жыйналыштын акыры башка күнгө калды (Убукеев). || Айырмасы бар, айырмалуу, өзгөчөлүгү бар. Жумуру баш адамдын Башка-башка өнөрү (Токтогул). 2. Бөтөнчө, өзгөчө, айрыкча, артык. Манастын уулу Семетей Адамдан башка жаралган («Манас»). Баатырдыгы башкача, Балбандыгы эң башка («Эр Төштүк»).
Жаңы бүлөлүү болуу, жаңы бүлө кошулуу (көбүнчө келин алгандарга карата). Албетте, жаңы келаткан келин кайдан, кимдин кызы болбосун ошол таптагы сүйүнчүлүү дүрбөлөң, кантсе да, башка баш кошулганы, үйгө баш киргени турат («Ленинчил жаш»).
Жаңы бүлөлүү болуу, жаңы бүлө кошулуу (көбүнчө келин алгандаргакарата). Албетте, жаңы келаткан келин кайдан, кимдин кызы болбосун ошол таптагы сүйүнчүлүү дүрбөлөң, кантсе да башка баш кошулганы, үйгө баш киргени турат («Ленинчил жаш»).
БАШКА ЖҮКТӨР МЕНЕН ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – камсыздандырылган жүккө башка жүктөр менен көмүскө же көрүнөө зыян же залал келтирүү. Адатта камсыздандырылбайт. Бирок, көрсөтүлгөн зыяндар камсыздандыруунун шарттарында каралган коркунучтардын натыйжасында болгон учурларда алар төлөнүп берүүгө тийиш.
Кокусунан кандайдыр бир нерсеге (көбүнчө кырсыкка, оор абалга, кыйынчылыкка ж.б.) дуушар болуу. Башка келгенди көз көрөт (макал). Башка келсе көтөрбөскө чара жок. В.: Башка түшүү. Карыпчылык абал башка түшүп, мүңкүрөп отурган кишилердин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт («Ала-Тоо»). Айдан улам кыгыздар күн эсебин, аба ырайын, жылдын оор-жеңилин, башка түшөр жамандык-жакшылыкты болжогон (Жусупов). Жапаа жеке эле биздин башка түшүптүрбү (Бейшеналиев).
Кокусунан кандайдыр бир нерсеге (көбүнчө кырсыкка, оор абалга, кыйынчылыкка ж.б.) дуушар болуу. Башка келгенди көз көрөт (макал). Башка келсе көтөрбөскө чара жок.
1. переменять, изменять; 2. отделять кого-что-л., считать кого-что-л. чужим, не принимать кого-л. в свою компанию; жай башкала- заниматься житейскими делами; проявлять заботу о пропитании своей семьи.
этиш.1. Жетекчилик кылуу, башчылык кылуу. Уул, кыз окуп билимдүү Өз өлкөсүн башкарган (Осмонкул).
2.өт. Тейлөө, иштөө. Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4-5 норма аткарган (Осмонкул).
башкар- I 1. управлять, возглавлять; эл башкар- управлять народом, стоять во главе народа, вести за собой народ; жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат погов. хороший смолоду ведёт народ, а дурной чем больше стареет, тем больше молодеет (т.е. ведёт себя несообразно с возрастом); 2. ухаживать (за скотом); мал башкар- ухаживать за скотом; кыштак эли өз-өз короолорунда малдарын эчак башкарып болушкан жители кишлака давно уже управились со своим скотом. башкар- II изменяться; мүнөзү башкара түштү поведение его вдруг изменилось.
1. Башчылык кылуу, жетекчилик кылуу, бийлик жүргүзүү. Эстүү жигит бийлесе, Элин жакшы башкарат (Осмонкул). Билген миңди башкарат, билбеген миңге кошулат (макал). || Баш-көз болуу, тартипке салуу. Акылман Айкын байбиче Балдарды үйдө башкарат (Барпы). 2. Тейлөө, машинаны, станокту ж. б. жүргүзө, иштете билүү. Машина да жолдон чыкчу беле апай,– деди Акия озунуп кемпирге. – Муну башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү (Сыдыкбеков). Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4–5 норма аткарган (Осмонкул).
1. управление; жергилнктүү башкарма органдары местные органы управления; 2. уст. редакция (газеты, журнала и т.п.); "Эркин-Тоо" башкармасы редакция (газеты) "Эркин-Тоо"; 3. сев. правление колхоза; башкармабыздын председатели председатель нашего правления; 4. сев. председатель правления колхоза.
зат.1. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган.
2. сүйл. Жетекчи, башкаруучу. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев).
1. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган. Борбордук курорт башкармасы. Жеңил өнөр жай башкармасы. // Авария болгон шахтага дүрбөп кен башкармасынан да келишти (Сасыкбаев). Тезинен башкарманын мүчөлөрүн чакыр (Жантөшев). || Ушул орган жайгашкан жай, имарат. Колхоздун башкармасы эл менен жык, Тынышпай, бири кирсе, бири чыгып (Үмөталиев). 2. сүйл. Колхоздун председатели. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев). Улууга жаман айтпаган Биздин, биздин башкарма (Осмонов).
БАШКАРМА (ДИРЕКЦИЯ) – акционердик укук боюнча акционердик коомдун коллегиалдуу аткаруу органы. Коомдун уставынын, ошондой эле аны чакыруунун жана чечим кабыл алуунун мөөнөтү жана тартиби белгиленүүчү, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген коомдун ички документинин (жобо, регламент же башка документинин) негизинде иш жүргүзөт. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин чечимдерин аткарат. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген коомдун күндөлүк ишмердигин жетектөөнүн баардык маселелери Б-нын компетенциясына таандык. Б. ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын мүдөөлөрүн чагылдырат, анын атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттарды бекитет, коомдун баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет.
разг. обязанности или положение председателя правления колхоза; эл эны башкармалыкка көрсөткөн народ наметил (выбрать) его председателем правления колхоза.
Башкарма дегенге таандык. Кичүү болсом да, башкармалык даражам улуу тура (Байтемиров). Бирок кимиси болсо да башкармалыктан түшкүчө Гүлсарыдан түшчү эмес (Айтматов).
и. д. отбашкар- I заведывание, управление; башкаруу аппараты управленческий аппарат, башкаруу мекемеси уст. административный орган; коомдук өзүн өзү башкаруу уст. общественное самоуправление.
Control Tools (proper noun)
A contextual tab on the Ribbon that enables the user to modify the appearance, size, and other aspects of the container controls in a form.Reference: http://office.microsoft.com/en-us/infopath-help/add-containers-and-group-controls-HA101783361.aspx
control menu (noun)
A menu that contains commands you can use to manipulate a window or close a program. You click the program icon at the left of the title bar to open this menu. The context menu of a window replaces this menu.
БАШКАРУУ ТАРИЗИ – анын шарттуу булактары менен мүнөздөлгөн бийликти уюштуруу таризи; түзүмү жана жогорку органдарынын абалы (мамлекет, парламент, өкмөт башчысы), ошондой эле алардын өзара мамилелеринин белгиленген тартиби. Мамлекет башчысынын укуктук статусу Б. т. негизги аныктоочу белгиси болуп саналат (республикада – шайлануучу жана алмашуучу, монархиялык мамлекетте – мурасталуучу). Заманбап мамлекеттерге эки түрдүү: республикалык жана жеке бийлик Б. т. мүнөздүү.
БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын талаптагыдай башкаруу иштерине каршы аракеттенүүчү, алардын кадыр-баркын түшүрүүчү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу кылмыштар. Андайларга: бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү; өзүмбилемдик жана башкалар кирет.
БАШКАРУУЧУ – акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен, келишим боюнча акционердик коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укуктары берилиши мүмкүн болгон жеке ишкер.
Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу органдын, башкарманын жетекчиси, башчысы, башкаруу ишин алып жүрүүчү. Совхоздун уй фермасынын башкаруучусу. Үй башкармасынын башкаруучусу.
Master Category List (noun)
The list of categories that you can use to group items or to find items. This list contains general categories such as Business, Personal, and Phone Calls. You can add categories to and delete categories from this list.
БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯ – түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү ишмердикти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык уюм. КР мыйзамдарында Б. к-нын бааракы активдеринин жана инвестициялык фонддордун активдерин башкаруу чөйрөсүндө ишкердик жүргүзүү мүмкүндүгү каралган.
master text (noun)
The slide text on the slide master. The master text determines the format of text on all slides as well as the shape of text placeholders and their placement on slides.
БАШКАРУУЧУ УЮМ – акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен, келишим боюнча акционердик коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укугу берилиши мүмкүн болгон коммерциялык уюм. Түзүлгөн келишимдин шарттары, эгер коомдун уставында башка жагдайлар каралбаса, коомдун директорлор кеңиши тарабынан бекитилет.
control (noun)
Management of a computer and its processing abilities so as to maintain order as tasks and activities are carried out. Control applies to measures designed to ensure error-free actions carried out at the right time and in the right order relative to other data-handling or hardware-based activities.
managed code (noun)
Code that is executed by the common language runtime environment rather than directly by the operating system. Managed code applications gain common language runtime services such as automatic garbage collection, runtime type checking and security support, and so on. These services help provide uniform platform- and language-independent behavior of managed-code applications.
БАШКА ТУРУКТУУ ИШКЕ КОТОРУЛУУ – иш-милдетин өзгөртүү же аракеттеги эмгек келишиминин шарттарын (ошол эле уюмдагы) өзгөртүү, демек, туруктуу иштөө үчүн башка уюмга же өз уюму менен бирдикте башка жерге которулуу. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча Б. т. и. к-га кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
к. БАШКА КЕЛҮҮ
Карыпчылык абал башка түшүп, мүңкүрөп отурган кишилердин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт («Ала-Тоо»). Айдан улам кыргыздар күн эсебин, аба ырайын, жылдын оор-жеңилин, башка түшөр жамандык-жакшылыкты болжогон (Жусупов). Жапаа жеке эле биздин башка түшүптүрбү (Бейшеналиев).
такт. Башка түрдө, сөлөкчө, өзгөчө, бөтөнчө, мурункудай эмес. Абыштын кубанычы бүгүн башкача (Таштемиров). Күлүктүгүң башкача, Күкүк булбул сен элең (Токтогул).
Заматта, тез, күтүлбөгөн жерден бир кокустук боло калгандай, бир нерсе катуу таасир эткендей деген мааниде. Башка чапкандай кайра тартып, караандарды көздөй жүгүрдү (Осмоналиев). Сагыналы башка чапкандай шарт бурулуп далиске чыкты («Кыргызстан маданияты»). Чагыр башка чапкандай бир бозоруп, бир кызарды (Осмоналиев).
Заматта, тез, күтүлбөгөн жерден бир кокустук боло калгандай, бир нерсе катуу таасир эткендей деген мааниде. Башка чапкандай кайра тартып, караандарды көздөй жүгүрдү (Осмоналиев). Сагыналы башка чапкандай шарт бурулуп далиске чыкты («Кыргызстан маданияты»). Чагыр башка чапкандай бир бозоруп, бир кызарды (Осмоналиев).
Кебелбеген, эч нерсени тоотпогон, абдан калың, олбурлуу, көтөрүмдүү. Жарыктык бабам олуя экен. Башка чапса былк эткис кара күчтү маа, ак колдукту саа жоручу. Айтканы келди жарыктыктын (Бейшеналиев).
Кебелбеген, эч нерсени тоотпогон, абдан калың, олбурлуу, көтөрүмдүү. Жарыктык бабам олуя экен. Башка чапса былк эткис кара күчтү маа, ак колдукту саа жоручу. Айтканы келди жарыктыктын (Бейшеналиев).
Баласы жок, тукуму аз, кемчил, жетишсиз. Башка чукак кадеми каткырлардын тукуму уланып, бала төрөлгөнү жакшы жышаан (Бейшеналиев). Биз деле башка чукакбыз.
Баласы жок, тукуму аз, кемчил, жетишсиз. Башка чукак кадеми каткырлардын тукуму уланып, бала төрөлгөнү жакшы жышаан (Бейшеналиев). Биз деле башка чукакбыз.
Үстөмдүк кылуу, бийлеп алуу, күч алып кетүү. Башкарма, башкарма деп койсо, башка чыгып баратасың (Абакиров). Кутуруп башка чыгып баратышкан букараларды эсине келтирүү үчүн атайлап иштеген (Каимов). Келинди өзгөчө бөпөлөп кеттиң, башыңа чыгарып алба -деп бетине айтканы кайда («Ала-Тоо»).
Үстөмдүк кылуу, бийлеп алуу, күч алып эсирип кетүү. Намысы жоктор, душманыңар башка чыкты (Каимов). Булардын башка чыгып кетиши Кудайберген үчүн жаман белги эле (Каимов). Башкарма, башкарма деп койсо, башка чыгып баратасың (Абакиров).