Киргизско-русский словарь Юдахина
балак I
ир. ист.
бич, палка (орудие телесного наказания);
балак ал- или балак ур- подвергнуть телесному наказанию (палками, бичом);
балак урул- страд. от балак ур-;
жүз камчы балак урулду (наказуемому) было нанесено сто ударов плетью;
балак урдур- приказать подвергнуть телесному наказанию.
балак II
балак-балак эт- то же, что балакта-;
балак-балак эткен семиз келин тучная молодуха, потрясающая своими телесами;
кетменчи жигиттер ансайын балак-балак этишип, улам күүлөнүшөт здоровенные парни, работающие кетменями, всё с большей и большей силой делают взмахи;
багалеги балак-балак этет его широкие штанины болтаются.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Адамды уруп жазалоодо колдонулган курал (камчы, таяк). Кутулдук го түбөлүк Бай-манап кескен балактан (Токтогул). Казыга салып жүз камчы балак урдурду (Жантөшев).
БАЛАК II: балак-балак туур. Балпылдоо, балп-балп этүү. Кетменчи жигиттер ансайын балак-балак этишип.. күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Адамды уруп жазалоодо колдонулуучу тасма кайыш камчы, тилке калакча таяк сыяктуу курал. Молдо колун көтөрүп, балагы менен бир-эки деп санап, мени урганын гана билем (Баялинов). Менин жонумдан балак алдырып, өзүмдү кордоп кууп чыкты (Бектенов). Балага урду балакты («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Балдарга карата эркелете айтууда колдонулат. Кечээ гана көчөдө топ кубалап жүргөн балакай, бир эле күнү күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө жетип, жарданган көпчүлүктүн оозуна илинет (Айтматов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАЛАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чоң аталарынын бири, Каракандын атасы. Манастын бабалары тууралуу баянда белдүү баатыр адам катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 1. 27).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир этаждуу үйлөрдүн үстүнө эс алып жатууга ылайыкталып, экинчи этаж сыяктанып курулган чатырча, бөлмө, веранда, атайын жай. Нүзүп балакананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түштү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балкайып толуп, же салаңдап турган нерсенин көрүнүшүн билдирүүдө колдонулат. Уйлардын желиндери сүт толуп чыңалгандыктан балак-балак этет. 2. Кийим-кечектин этек-жеңи, багалек кенен келип, балактаган көрүнүшүн, балпактап иштеген кыймыл-аракетти билдирүүдө колдонулат. Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ан сайын балак-балак күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. беда, несчастье, напасть, большая неприятность;
барган жериң от болсун, балакети жок болсун! пожелание место, куда ты отправишься, пусть изобилует травой и бед там пусть не будет!;
чоң бир балакет башталбасын как бы не случилась какая неприятность;
балакет чыгар- поднять свару, вызвать скандал;
балакет сал- навлечь беду;
балакетти дөөлөргө салып турган кези экен фольк. (это был) момент, когда он громил исполинов;
балакетке учура- нарваться на неприятность;
балакетке кал- попасть в беду;
балакетке калба сын! как бы он не попал в беду!;
кап, балакет! ах, несчастье!; ух, чтоб ему!;
балакетти кара! вот беда!;
балакет-салакет беды и напасти;
балакетиңди алайын! ласк. приму на себя твои беды! (ласковое обращение, напр. матери к своему ребёнку);
балакет алдыр- заставить принять на себя чьи-л. беды;
сени чакырып, балакетими алдырат белем? думаешь, я тебя позвал потому, что ты можешь быть моим избавителем? (очень-то мне нужно! Дело в другом);
балакет болуп на беду, к несчастью, как на зло;
2. (о человеке) бедовый, дошлый;
балакет баскан непутёвый;
кандай балакет баскан эмесиң! что ты за непутёвый такой!;
балакет баскыр! бран. чтоб тебе (ему) неладно было!;
балакеттей здорово чертовски;
балакеттей билет он чертовски хорошо знает.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Балаа, кырсык, бактысыздык. Бул балакет согушту чыгарган ким болсо да, оңолбосун! (Сыдыкбеков).
2. өт. Кыйын, айлакер, өткүр, көптү көргөн, шок. Балакет чыккан жашынан, Көкөтөйдүн Бокмурун Камдап койгон башынан («Манас»).
Балакетиңди алайын — жалынып, бирөөнү жакшы көрүүдө айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балаа, кырсык. Кайраттуу эрдин барында, Балакет кайда дээр элек («Сейтек»). Чын балакет баштаптыр, Чымын жандан бечара, өлдүм деп кечип таштаптыр («Сейтек»). 2. өт. Айлакер, амалдуу, кыйын. Ой сараң кыз балакет, Тамакка кылдың аракет (Тоголок Молдо). Ал балакет болуп кетсе да колунан эмне келет (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат. О, балакет баскыр десе! - Алкы бузулган манаптар, атаң бербесе деле торпокту алат эле да! - деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», - деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо, урушуу маанисинде колдонулат. – О, балакет баскыр десе! Алкы бузулган манаптар, сапаң бербесе деле торпокту алат эле да! – деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», – деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мага асылба, тийишпе, мага келүүчү кырсык, кыйынчылык сага келсин, менден айлан деген маанидеги наалат айтуу, каргоо. Менин балакетимди албай жөн жүр. Көрсө, менин балакетимди алып жүргөн ошол экен да («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
бирөөгө (көбүнчө балага же өзүнөн кичүүлөргө карата) жакшы көргөндүгүн билдирип, жалынып-жалбаруу иретинде колдонулат. Балакетиңди алайын, өзүңдү жакшы алып, жылуу кийинип жүр («Ала-Тоо»). Балакетиңди алайын жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлерге) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат. - Балакетиңди алайын, оорукчан элең, - деп уулуна айтып тиги кемпир көзүнө жаш алды (Мидин). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов). Балакетиңди алайын, ал сенин атаңды катуу кадырлайт (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коогалуу, доолуу жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. – Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымал (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир коогалуу, жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. - Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымаал (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан укмуш, кыйын. Ал андайларды балакеттей билет, жөн эле ошентип жатса керек. Ал эсеп-кысапты балакеттей билет, алдыра койбос («Чалкан»). Ой, аның балакеттей өжөр неме экен («Кыргызстан маданияты»). Балакеттей тың келин.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балак-балак этүү, балак-балак эткен көрүнүштө болуу. Желиндери балактап кечинде уйлар келди. Басса, шымынын багалеги балактайт. 2. Балпалактоо, балпалаңдаган кыймыл-аракетте болуу, көл-шал түшүү. Семиз кодоо столдош, Мойнун сүрттү балактап (Токомбаев).