Киргизско-русский словарь Юдахина
эне I
1. мать;
тууган эне родная мать;
тутулган эне или тутунган эне названая мать;
туубаса да, тутунган энем хотя она (меня) и не родила, но она мне мать (я её считаю своей матерью);
тууган энең мен эдим, тутунган энең Акканыш фольк. родная твоя мать - я, а названая мать - Акканыш;
чоң эне бабушка (со стороны отца);
энеге баланын алалыгы жок погов. для матери все дети равны;
көп балалуу энелер многодетные матери;
энеси мать (обращение мужа к жене, если у них есть дети);
жок, энеси, жаңылып жатасың нет, мать, ты ошибаешься;
энеси бөлөк аталаш дети одного отца, но разных матерей, дети сводные по отцу;
Алым, энеден энтигип жерге түшүп, жетим калган Алым остался сиротой сразу же, как только, тяжело дыша, упал на землю из (чрева) матери;
эне-ата или ата-эне родители;
сенин эне-атаң твои родители;
эне тили родной язык;
көргөн эне см. көр- III;
киндик эне см. киндик 1;
2. сев. (в ряде говоров) бабушка (со стороны отца);
3. южн. (ср. апа I 1) свекровь;
4. перен. палка, употребляемая при игре в чикит (см.);
кичи эне или кичүү эне этн. младшая жена;
кичи энеден туулган стих. рождён от младшей жены;
энеңдин ичинде кантип жаттың? как же ты (спокойно) лежал во чреве матери? (говорят о нетерпеливом, беспокойном человеке, о торопыге);
энемди алайын! клятвенное выражение будь я проклят! (букв. чтоб я женился на своей матери!);
энеңди алып кал! будь ты проклят!;
сени албай эле, энемди алып калайын пусть я лучше буду проклят, чем женюсь на тебе;
ошондон өч албасам, энемди алайын будь я проклят, если не отомщу ему;
энеңер эркек туугандай у вас большая радость (букв. будто ваша мать родила мальчика);
энемди берейин я буду век обязан (букв. отдам в жёны свою мать; прим. см. өт- II);
Аба эне праматерь Ева (библейская);
Мүйүздүү Эне миф. имя прародительницы киргизского племени бугу - "олень" (букв. Рогатая Мать);
энеден туума см. туума.
эне- II
только в отриц. обороте обращать внимание, замечать;
бир көрбөдүк, мин көрдүк, жүрөсүң Көкчө энебей фольк. мы не раз, а тысячу раз видели, а ты, Кокче, не замечаешь;
эчтемени энебей ничего не замечая, ни на что не обращая внимания;
билбеген киши энебейт, билимдүү калыс неме дейт стих. не знающий человек не замечает, а беспристрастный знающий что говорит?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата). Ак сүтүн берип өстүргөн, Ардактуу биздин энелер (Бөкөнбаев). Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт (макал).
2. Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар. Торпок да сүйөт энесин (Шүкүрбеков). Энеси менен кошо оттоп, Ээлигип кулун секирди (Мидин).
3. Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Жолдо кетип бара жаткан кемпирди көрүп Каныбек:Эне,
кандай баратасыз?деди (Жантөшев).
Энеден туума к. туума. Чоң эне — 1) атасынын апасы. Мен да чоңойгондо чоң энем менен чоң атамды сөзсүз багам (Жантөшев); 2) улгайып калган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Чоң эне, эмне кылып жатасыз?деди жолдон учураган чоочун кемпирге.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата). Ак сүтүн берип өстүргөн, Ардактуу биздин энелер (Бөкөнбаев). Кадырлуу аппак энебиз, Карып калган кезинде (Казыбек). Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз (макал). Эне сыйлаган элге жагат (макал). 2. Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар. Торпок да сүйөт энесин (Шүкүрбеков). Энеси менен кошо оттоп, Ээлигип кулун секирди (Мидин). 3. Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Жолдо кетип бара жаткан кемпирди көрүп Каныбек: – Эне, кандай баратасыз? – деди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дырдай жылаңач, жыпжылаңач, кийимсиз. Өмүрү чоочун кишилердин алдында энеден туума болуп чечинип көрбөгөн элеттик ургаачылардын заманасы куурулду бейм (Сыдыкбеков). Жигитин чаптырып, аны алдырып келет. Энеден туума чечинтип сабашат (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дырдай жылаңач, жып-жылаңач, кийимсиз. Өмүрү чоочун кишилердин алдында энеден туума болуп чечинип көрбөгөн элеттик ургаачылардын заманасы куурулду бейм. (Сыдыкбеков). Жигитин чаптырып, аны алдырып келет. Энеден туума чечинтип сабашат (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
маменька, матушка (ласкательное или почтительное обращение к матери);
тырмалап энекеңди ыйлабагын, ал байкуш, тынч уктасын кыйнабагын стих. ты (дитя) свою маменьку не царапай, не плачь, пусть она, бедняжка, спокойно спит, не мучай;
энекеси мать (обращение мужа к жене, если у них есть дети);
энекеси, уулуңдун көйнөгүн карачы мать, посмотри-ка на рубашку твоего сына.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. единоутробный;
энелештен эгизим, эч өөнү жок, тегизим стих. вы мои единоутробные близнецы, без всякого недостатка, ровня моя;
2. перен. (о братьях, сёстрах) молочный;
эмчекти бирге эмишкен энелешим дээр элем фольк. (мы с ним) одну грудь сосали, (его) я называл молочным братом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
энелик I
материнство;
энеликтен кечем я прокляну материнской клятвой, ты мне будешь не дочь или не сын (букв. я откажусь от материнства).
энелик II
материнский;
энелик мээрим материнская любовь.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Энелик клетка — аялдардын жыныс клеткасы. 
Энелик безде өөрчүйт. Негизги аткарган кызматы организмдин көбөйүү процессине катышат. Ал аталык жыныс клеткасы менен биригип зигота же уруктанган клетканы пайда кылат. Зиготадан түйүлдүк өөрчүйт. Энелик клетка башка клеткалардай эле ядро, цитоплазмамембрана жана органоиддерден турат. Бирок аткарган кызматына жараша бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ядро энелик тукум куума касиеттерди алып жүрүүчү хромосомалардын гаплоиддик жыйындысы жайгашкан. Цитоплазмада түйүлдүктүн өөрчүшүнө керектүү сары түстөгү азык заттын запасы болот. Энелик клетканын формасы шар сымал келип, бир аз кыймылдоого жөндөмдүү. Энелик безде пайда болгон энелик клетка грааф ыйлаакчасы жарылып ич көңдөйүнө түшөт. Бул процесс овуляция деп аталат. Ал жерден жатын түтүгүнүн желпүүрү менен жатын түтүгү аркылуу жатынды карай жылат. Анан жатындын түтүкчөлөрүнө түшүп акырын жыла баштап, эркектин урук клеткасы (сперматозоид) менен кезиксе уруктануу процесси жүрөт. Энелик клетка уруктанган убакта да жетилүү процесси бүтө элек болот.
Жаш жыныс клетка (овоцит) экинчи жолу бөлүнүп (мейоз) жетилген энелик клеткага айланат. Уруктануу бүтөр замат зиготанын тегерегинде атайын кабык пайда болуп, ал энелик клеткага ашыкча сперматозоиддердин киришине тоскоол болот.

«Ден соолук» Медициналык энциклопедия

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭНЕЛИК КОМПАНИЯ (БАШ КОМПАНИЯ) – бир же бирнече туунду компаниялары бар компания. Э. к. түшүнүгү чет өлкөлөрдүн компаниялар (корпорациялар) жөнүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле салык актыларында колдонулат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
энергетика (1. энергиянын ар түрлөрүн колдонуунун жана эксплуатация кылуунун жолдорун иштеп чыгуучу техниканын тармагы; 2. физ. энергия жана анын айланышын текшерүүчү, физиканын бир бөлүмү).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Материянын негизги касиеттеринин бири — анын кыймылынын өлчөмү, материянын кыймылынын запасы (жылуулук, жарык, электричество, механикалык кыймыл ж. б. түрүндөгү). Атом энергиясы. Күнэнергиянын түгөнгүс булагы.
2. Кандайдыр бир телонун, заттын ж. б. белгилүү бир ишти аткарууга, бир нерсе өндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүгү же ошого жумшалган күчтүн булагы катары жарай алышы. Аккумулятордун энергиясы.
3. Адамдын аракетинин иштиктүүлүгү, туруктуулугу, чечкиндүүлүгү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. физ. тех. энергия, кубат, күч (материянын касиети - анын кыймыл өлчөмү; иш шитөөгө жөндөмдүүлүк);
электрическая энергия электр энергиясы;
атомная энергия атом энергиясы;
тепловая энергия жылуулук энергиясы;
лучистая энергия шоолалуу (нурдуу) энергия;
закон сохранения и превращения энергии энергиянын сакталуу жана айлануу закону;
затрата энергии энергияны жумшоо;
2. (деятельная сила, решительность, настойчивость) жигердүүлүк, чечкиндүүлүк, кайрат, турумдуулук;
с энергией приняться за работу кубаттуулук менен ишке киришүү, кубаттуулук менен ишти колго алуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Материянын негизги касиеттеринин бири – анын кыймылынын өлчөмү, материянын кыймылынын запасы (жылуулук, жарык, электр тогу, механикалык кыймыл ж. б. түрүндөгү). Атом энергиясы. Күн – энергиянын түгөнгүс булагы. 2. Кандайдыр бир телонун, заттын ж. б. белгилүү бир ишти аткарууга, бир нерсе өндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүгү же ошого жумшалган күчтүн булагы катары жарай алышы. Аккумулятордун энергиясы. 3. Адамдын аракетинин иштиктүүлүгү, кубаттуулугу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай сүйүнгөндүк, кубангандык. Эмне кыйкырдың энең эркек туугандай? (Айтматов). Дубанов аны көргөндө энеси эркек туугандай сүйүнүп, мадыраңдап сүйлөдү («Ала-Тоо»). В.: Энеси эркек төрөгөндөй. Айбаттуу замбиректин үнүн укканда Савчук менен Турганбай энелери эркек төрөгөндөй кудуңдап, сүйүнүп турушту (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эли-журту, мекени, энеси ыраазы болгудай иш кылуу, ошого татырлык кызмат өткөрүү, жан аябай кызмат кылуу. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн (Турусбеков). Биздин максат эне сүтүн актамак, Улуттукту, жакшы салтты сактамак (Сарногоев). В.: Эмчек сүтүн актоо. Сен эмчек сүтүн актабайсыңбы? – деди (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эли-журту, мекени, энеси ыраазы болгудай иш кылуу, ошого татырлык кызмат өткөрүү, жан аябай кызмат кылуу. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн (Турусбеков). Биздин максат эне сүтүн актамак, Улуттукту, жакшы салтты сактамак (Сарногоев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кыйноо, көрбөгөндү көрсөтүп, сазайын колуна берүү, кордук көрсөтүү. Мен сенин эне сүтүңдү оозуңа татытып коём, бала! (Саатов). Эне сүтүн оозуна татытып суй жыгуучу («Кыргызстан маданияты»). Эртеден кечке тындырбай эне сүтүн оозуна татытып иштеп, акчанын кантип табылаарын билсин (Жетимишов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаман-жакшыны көрүп, кагылып бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек. Эне сүтү оозунан кете элек сага окшогон малакайлардын неченин көргөмүн («Советтик Кыргызстан»). Мен алтымыш таянып азынап турган чагымда эмес, эне сүтү оозумдан кете элек эселек күнүмдө эч кимге алдаткан эмесмин (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман-жакшыны көрүп кагылып, бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек. Эне сүтү оозунан кете элек сага окшогон малакайлардын неченин көргөмүн («Агым»). Мен алтымыш таянып азынап турган чагымда эмес, эне сүтү оозумдан кете элек эселек күнүмдө эч кимге алдаткан эмесмин (Тойбаев). В.: Эне сүтү оозунан арыла элек. Анын эри Чолок этек да эне сүтү оозунан арыла электе орустун чочкосун баккан (Өмүрбаев). Эне сүтү эрдинен кете элек. Эне сүтү эрдинен кете элек бала менен чырлашкысы келбеди («Ала-Тоо»). Оозунан сүтү кете элек. Оозунан сүтү кете элек бала да.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кыйналуу, өтө жаны кейүү, көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, көрбөгөндү көрүү, кордук көрүү. Андагы көргөн күндү айтпа, эне сүтүбүз оозубузга татыды го (Жантөшев). Капкайдагы жаш балдар тартип үйрөтүп, тилдеп турса, эне сүтүң оозуңа ошондо татыр (Абдукаимов). В.: Эне сүтү оозуна келүү. Кыл чылбыр балык этке батканда эне сүтү оозуна келип, туткун онтой баштады (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай кыйналуу, өтө жаны кейүү, көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, көрбөгөндү көрүү, кордук көрүү. Андагы көргөн күндү айтпа, эне сүтүбүз оозубузга татыды го (Жантөшев). Капкайдагы жаш балдар тартип үйрөтүп, тилдеп турса, эне сүтүң оозуңа ошондо татыр (Абдукаимов).