Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эли-журту, мекени, энеси ыраазы болгудай иш кылуу, ошого татырлык кызмат өткөрүү, жан аябай кызмат кылуу. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн (Турусбеков). Биздин максат эне сүтүн актамак, Улуттукту, жакшы салтты сактамак (Сарногоев). В.: Эмчек сүтүн актоо. Сен эмчек сүтүн актабайсыңбы? – деди (Сыдыкбеков).