Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай кыйналуу, өтө жаны кейүү, көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, көрбөгөндү көрүү, кордук көрүү. Андагы көргөн күндү айтпа, эне сүтүбүз оозубузга татыды го (Жантөшев). Капкайдагы жаш балдар тартип үйрөтүп, тилдеп турса, эне сүтүң оозуңа ошондо татыр (Абдукаимов).