ЭНЕ СҮТҮ ООЗУНАН КЕТЕ ЭЛЕК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жаман-жакшыны көрүп, кагылып бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек. Эне сүтү оозунан кете элек сага окшогон малакайлардын неченин көргөмүн («Советтик Кыргызстан»). Мен алтымыш таянып азынап турган чагымда эмес, эне сүтү оозумдан кете элек эселек күнүмдө эч кимге алдаткан эмесмин (Тойбаев).