Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эли-журту, мекени, энеси ыраазы болгудай иш кылуу, ошого татырлык кызмат өткөрүү, жан аябай кызмат кылуу. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн (Турусбеков). Биздин максат эне сүтүн актамак, Улуттукту, жакшы салтты сактамак (Сарногоев).