ЭНЕ СҮТҮ ООЗУНА ТАТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аябай кыйналуу, өтө жаны кейүү, көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, көрбөгөндү көрүү, кордук көрүү. Андагы көргөн күндү айтпа, эне сүтүбүз оозубузга татыды го (Жантөшев). Капкайдагы жаш балдар тартип үйрөтүп, тилдеп турса, эне сүтүң оозуңа ошондо татыр (Абдукаимов). В.: Эне сүтү оозуна келүү. Кыл чылбыр балык этке батканда эне сүтү оозуна келип, туткун онтой баштады (Осмоналиев).