Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата). Ак сүтүн берип өстүргөн, Ардактуу биздин энелер (Бөкөнбаев). Кадырлуу аппак энебиз, Карып калган кезинде (Казыбек). Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз (макал). Эне сыйлаган элге жагат (макал). 2. Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар. Торпок да сүйөт энесин (Шүкүрбеков). Энеси менен кошо оттоп, Ээлигип кулун секирди (Мидин). 3. Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Жолдо кетип бара жаткан кемпирди көрүп Каныбек: – Эне, кандай баратасыз? – деди (Жантөшев).