Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Жыныс бездери - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы секреция бездери.

Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштап, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.

«Ден соолук» Медициналык энциклопедия

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЫНЫСТЫК КОЛТИЙБЕСТИК – кишини укукка сыйбаган баардык сексуалдык кол салуулардан коргоочу, адамдын жеке колтийбестигинин ажырагыс бөлүгү. Ж. к. кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот. КР нике жана үйбүлө мыйзамына ылайык ата-эне (алардын бири) эгерде балдарына зомбулук кылса, а. и. алардын Ж. к-гине колсалса, ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЫНЫСТЫК КЫЛМЫШТАР – жыныстык колтийбестикке кылмыштуу кол салуу. КР кылмыш-жаза мыйзамдары Ж. к-га зордуктоону, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүлөрдү, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоону ж. б. бузуку аракеттерди киргизген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЫНЫС ЧЕНТАЛАБЫ – жыныс белгиси боюнча шайлоо укугун мыйзамдуу чектөө (жигердүү же сол-гун), ачыгы аялдардын шайлоо укугун тануу. XIX жана XX кылымдардын башында баардык жерлерде болгон. 1893-жылы Жаңы Зеландияда, 1906-жылы Финляндияда, 1918-жылы Улуу Британияда жана Орусияда, 1920-жылы АКШда, 1944-жылы Францияда, 1945-жылы Японияда, 1971-жылы Швейцарияда, 1976-жылы Лихтенштейнде алынып салынган. Азыркы убактарда айрым мамлекеттерде сакталып келүүдө, м., Кувейтте.