Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Жыныс бездери - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы секреция бездери.

Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштап, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.

«Ден соолук» Медициналык энциклопедия