ар.
1. род, вид, порода;
тоо жыныстары горные породы;
2. биол. пол.
зат. Адамдын жана айбандардын эркек, ургаачылык бөлүнүшү, ушундай бөлүнүштүн жалпы белгилери.
жыныс (жинис эмес)
жыныс бездери
жыныс клеткалары
жыныс органдары
жыныс системасы
Адамдардын жана айбанаттардын эркек, ургаачыга бөлүнүшү, эркек, ургаачылыгына карай бөлүүчү теги. Жынысына карай бөлүү. Анкетада жынысын көрсөтө жазуу.
Жыныс бездери - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы секреция бездери.
Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштап, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.
«Ден соолук» Медициналык энциклопедия
биол.
половой;
жыныстык мүчөлөр половые органы.
сын. Жыныска байланыштуу, жыныска таандык. Жыныстык белгилер. Жыныстык мүчөлөр.
cınıstık
cinsel, cinsiyet
жыныстык
жыныстык белгилер
жыныс дегенге таандык. Жыныстык белги. Жыныстык өзгөчөлүк.
ЖЫНЫСТЫК КОЛТИЙБЕСТИК – кишини укукка сыйбаган баардык сексуалдык кол салуулардан коргоочу, адамдын жеке колтийбестигинин ажырагыс бөлүгү. Ж. к. кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот. КР нике жана үйбүлө мыйзамына ылайык ата-эне (алардын бири) эгерде балдарына зомбулук кылса, а. и. алардын Ж. к-гине колсалса, ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн.
ЖЫНЫСТЫК КЫЛМЫШТАР – жыныстык колтийбестикке кылмыштуу кол салуу. КР кылмыш-жаза мыйзамдары Ж. к-га зордуктоону, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүлөрдү, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоону ж. б. бузуку аракеттерди киргизген.
ЖЫНЫС ЧЕНТАЛАБЫ – жыныс белгиси боюнча шайлоо укугун мыйзамдуу чектөө (жигердүү же сол-гун), ачыгы аялдардын шайлоо укугун тануу. XIX жана XX кылымдардын башында баардык жерлерде болгон. 1893-жылы Жаңы Зеландияда, 1906-жылы Финляндияда, 1918-жылы Улуу Британияда жана Орусияда, 1920-жылы АКШда, 1944-жылы Францияда, 1945-жылы Японияда, 1971-жылы Швейцарияда, 1976-жылы Лихтенштейнде алынып салынган. Азыркы убактарда айрым мамлекеттерде сакталып келүүдө, м., Кувейтте.