ЭНЕ СҮТҮН ООЗУНА ТАТЫТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аябай кыйноо, көрбөгөндү көрсөтүп, сазайын колуна берүү, кордук көрсөтүү. Мен сенин эне сүтүңдү оозуңа татытып коём, бала! (Саатов). Эне сүтүн оозуна татытып суй жыгуучу («Кыргызстан маданияты»). Эртеден кечке тындырбай эне сүтүн оозуна татытып иштеп, акчанын кантип табылаарын билсин (Жетимишов).