Киргизско-русский словарь Юдахина
корк I
подражательное слово;
корк эт- хрюкнуть.
корк- II
бояться, страшиться;
корксо да, кой өлөт, коркпосо да, кой өлөт погов. будет бояться овца или не будет, всё равно умрёт (её зарежут);
корккондон баатыр болот погов. от страха героями становятся;
сенден коркчу мен эмес не на такого напал (букв. я не тот, кто тебя боится).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Чочуу, үрөйү учуу, коркоктук сезим пайда болуу. Коркконго кош көрүнөт (макал). Корккондон жүрөк жарылбайт, сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт (макал).
КОРК II: корк этүү же корк-корк этүү — чочконун коркулдап дабыш чыгаруусу, чочконун дабышы сыяктуу үн чыгаруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (кожура) кабык (жемиштин);
2. (хлеба) кыртыш, сырт (нандын ж.б.);
3. (напр. на ране) карт (мис. жаранын);
прочитать книгу от корки до корки разг. китепти баштан-аяк (бүт) окуп чыгуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочуу, жалтануу, кооптонуу. Батыш калтырап коркуп, азга эшик ачкан жок (Байтемиров). Коркконунан далай эл Калган экен жашынып («Эр Табылды»). Келбей коёбу деп корктуңбу («Ала-Тоо»). Коркпо өлүмдөн, Коркконго кош көрүнөт... (Гапаров). Коркомун бөксө кеткен күндөрүмдөн, Коркомун бекер өткөн өмүрүмдөн (Бегимкулова).

Киргизско-русский словарь Юдахина
трус; трусливый;
көз коркок, кол баатыр погов. глаз - трус, рука - храбрец;
коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт погов. трус умирает тысячу раз, герой умирает один раз;
коркокчосунан как трус, подобно трусу;
баатыр болсоң, коркокчосунан жашынып туруп, желкеге атпа если ты герой, не стреляй, прячась как трус;
коркок билиш запуганный;
жандын баарын коркок билиш кылып алыптыр он всех запугал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Жүрөгү жок, кайратсыз, тартынчаак, коркунчаак. Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко (Токтогул). Көз коркок, кол баатыр (макал).
¨ Коркок билиш — кандайдыр бир айбымды чыгарып коёбу деп чочулаган абал. Кымыз ташыгандай менин сага кандай коркок билиш жайым бар (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир айыбын, кылмышын ачып коёбу, ал билинип калабы деп кимдир бирөөдөн чочулаган, батына албай тайсалдаган, ага көз каранды болгон абалга карата. Кейпи коркок-билиш болуп калган жери болууга тийиш («Ала-Тоо»). Кымыз ташыгандай менин сага кандай коркок билиш жайым бар эле? (Байтемиров). Бакир атама коркок билиш болуп жүрдү (Осмоналиев) .

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир айыбын, кылмышын ачып коёбу, ал билинип калабы деп кимдир бирөөдөн чочулаган, батына албай тайсалдаган, ага көз каранды болгон абалга карата. Кейпи коркок-билиш болуп калган жери болууга тийиш («Ала-Тоо»). Кымыз ташыгандай менин сага кандай коркок-билиш жайым бар эле? (Байтемиров). Бакир атама коркок билиш болуп жүрдү (Осмоналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТА КАЛТЫРУУ – эгер күнөөлөнүп жаткан адам жабырлануучуга жардам кылууга мүмкүнчүлүгү болгон жана ага камкордук кылууга милдеттүү болгон же анын өмүрү үчүн коркунуч келтирген абалга өзү кириптер кылган учурларда, өмүрү жана денсоолугу коркунучта калган же жаштыгына, карылыгына, оорусуна байланыштуу өзүнө-өзү жардам бералбаган жактарды жардамсыз калтырууга байланышкан кылмыш укугундагы адамдын жеке кертбашына каршы жасалган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ ЖҮКТӨР – өздөрүнө таандык касиеттерден улам, белгилүү бир жагдайларда, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жана сактоодо жарылууга, же техникалык каражаттардын, жабдуулардын, курулуштардын ж. б. темиржол унаа объектилеринин кыйроосуна, ошондой эле адамдардын, айбанаттардын кырылуусуна, жаракат алууларына, ууланууларына, күйүүлөрүнө жана ооруларына алып келүүчү, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирүүчү заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүк ж. б. иштердин калдыктары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ КАЛДЫКТАР – өзалдынча жана ошондой эле башка заттар менен аралашканда адамдардын саламаттыгы жана курчап турган айлана-чөйрө үчүн түздөнтүз же кыйыр коркунуч келтирүүчү, өзүнүн курамында коркунучтуу (ууландыруучу,жуктуруучу, жардыруучу, күйүүчү, жогорку реакциялык мүмкүнчүлүктүү) касиеттердин бирин камтыган, алар жетиштүү санда жана түрдө болгон (радиоактивдүүлөрдөн башка) калдыктар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что коркунучтуу;
коркунчулуу жол опасный путь;
коркунчулуу күн жизнь, сопряжённая с опасностями, с большими трудностями;
2. боязливый, трусливый;
түн ичинде уктабай, зикир чалат кожолор, коркунчулуу адамга пикир салат кожолор фольк. ночью ходжи не спят, устраивают раденья, боязливым людям внушения делают ходжи.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от корк- II
1. пугать, устрашать;
2. эвф. (о больном) быть в опасном состоянии;
катуу коркутуп жатат (больной) при смерти или уже умер (когда сообщают о близкой смерти или о кончине близким людям).