Коркунучта калтыруу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КОРКУНУЧТА КАЛТЫРУУ – эгер күнөөлөнүп жаткан адам жабырлануучуга жардам кылууга мүмкүнчүлүгү болгон жана ага камкордук кылууга милдеттүү болгон же анын өмүрү үчүн коркунуч келтирген абалга өзү кириптер кылган учурларда, өмүрү жана денсоолугу коркунучта калган же жаштыгына, карылыгына, оорусуна байланыштуу өзүнө-өзү жардам бералбаган жактарды жардамсыз калтырууга байланышкан кылмыш укугундагы адамдын жеке кертбашына каршы жасалган кылмыш.